Трабзонспор Германиянын командасына утулуп калды
Даярдык мелдештер уланууда.
76012
![Трабзонспор Германиянын командасына утулуп калды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/10-11/Files/UploadedImages/6935811trabzonsporkln.jpg?time=1719198839)
Трабзонспор экинчи даярдык мелдешинде Германиянын командаларынан Кёльнга 2-0 эсебинде утулуп калды.
Спор Тото Супер лигасындагы командалардан Трабзонспор, Австрияда ойнолгон экинчи даярдык таймашында Германиянын Бундеслига тобу Кёльн менен беттешти. Шварц стадионундагы беттеште 2-0 эсебинде утулуп калды.
Трабзонспор биринчи даярдык мелдешинде Өзбекстандын командаларынан Локомотив Ташкент менен 0-0 эсебинде теңме-тең ойногон.
Түрк командасы үчүнчү жана акыркы даярдык таймашында болсо 3-август жекшемби күнү Түркия убактысы боюнча саат 18:00де Германиянын Бундеслигасынын дагы бир командасы Аугсбург менен ойнойт.