Тишимди жууймун

Анткени - 16.2024

2129517
Тишимди жууймун

     Сүйүктүү окурмандар, бүгүнкү программабызда ден соолугубузга байланыштуу абдан жөнөкөй чаралардын бизди чоң коркунучтан кантип коргой тургандыгына токтолобуз. Ооз жана тишти жакшы сактоонун маанисин ортого салуу үчүн тиштеримди жууймун анткени деп программабызды баштайбыз. 

Денебизде ар бири ар башка функцияга ээ болгон системалар бар. Аткарган иштери ар башка болсо да системалардын иштеши  бири бирине байланыштуу. Бир системанын бузулушу башка системага коркунуч туудурат. Мисалы, изилдөөлөр тиш оорусу менен жүрөк оорусунун ортосунда байланыштын болушу мүмкүн экенин көрсөтүүдө.   

Болжол менен  100 жыл мурун тиштин кариеси  өлүмгө алып келген оорулардын арасында орун алган. Медицина жана дары индустриясындагы өнүгүүлөр менен бул маселе чечилсе да ооз жана тишибизди жакшы сактоо ден соолугубузду жакындан кызыктырган тема катары алдыбызга чыгууда. Ооздун сезгениши жүрөк оорулары, кант диабети жана башка системалык бузулуулар менен байланыштуу.

Ооз жана тишке кам көрүү баарыдан мурда оорулардан коргонуу үчүн үзгүлтүксүз ишке ашырылышы керек болгон бир топ жүрүм  - турумду билдирет. Алардын эң негизгиси – күнүнө эки жолу тиш жууганга эки-үч мүнөттү бөлүү.  Тишти тазалоо ооздогу тиш бляшкаларын жана бактерияларды жок кылуу үчүн эң негизги стоматологиялык кам көрүү кадамы болуп саналат.

Тиштерди жана тиш эттерин да тазалоо кан айланууну жакшыртат. Тиштерибизди тазалаганда ооздун ичиндеги  тамак калдыктары жана бактериялардан арылып ооздогу жыт да жок болот. Мындан тышкары, щетка тиштин эмалындагы зыяндуу кислоталарды тазалоо менен тиштин сезгичтигин алдын алат. Тиштерибизди жуугандан тышкары, канттуу жана кислоталуу тамактардан алыс болуу да ооз жана тиш  үчүн маанилүү. Жылына эки жолу тиш дарыгеринин текшерүүсү ооруну жаратпаган же кандайдыр бир симптомдорду көрсөтпөгөн ооруларга каршы чара көрүүгө мүмкүндүк берет. 

Урматтуу окурмандар, сөзүбүздүн аягында тиштерди үзгүлтүксүз тазалоо бир гана ооз үчүн эле эмес, бүт денебизге да тиешелүү экендигин баса белгилегибиз келет.  “Тишимди жууймун, анткени  ден-соолукта болгум келет” деп бүгүнкү программабызды аяктайбыз.

 



Тектеш кабарлар