Тамеки тартпаймын

Анткени - 14.2024

2122431
Тамеки тартпаймын

  Сүйүктүү окурмандар,  бүгүн ТРТ Түркия үнү радиосундагы программабызда доорубуздун негизги маселелеринин биринен сөз кылабыз.

Тамеки тартуу көптөгөн оорулардын, өзгөчө рактын негизги себеби болуп саналат. Сөзүбүздү "мен тамеки тартпаймын, анткени" деп баштайбыз.

19 -  кылымдын  ортолоруна чейин орточо  өмүр сүрүү азыркыга караганда бир кыйла кыска болгон. Мунун негизги себеби дарылоо методдорунун өнүкпөгөндүгү. Мисалы тиши ооруган бир киши жыйырма жаштарында эле  сезгенүүдөн каза болгон. Вакциналардын, дары  - дармектердин, дарылоо методдорунун табылышы менен жашоо сапаты жогорулаган адам баласы бир тараптан да өз колу менен саламаттыгын коркунучка салган аракеттерден артта калган жок. Мунун эң башында тамеки турат.

1950 -  жылдарга чейин тамекинин зыяны  тууралуу сөз болгон эмес. Ал түгүл бул мезгилде Америкада тамеки рекламаларында дарыгерлерге орун берилүү менен тамекинин ден соолукка зыяны жок деген имидж билдирилген. Бирок  өнүккөн медициналык технологиянын жардамы менен өлүмгө алып келе турган ооруларга себеп болору  50 -  жылдардын экинчи жарымынан тарта ортого чыга баштады.

 Бүгүн медицинада жетишилген деңгээл тамекинин өпкө рагы менен рактын бир нече түрү менен түздөн  - түз байланышта экендигин көрсөтүүдө. Тамеки тартуунун ооз, кызыл өңгөч, ашказан, уйку бези, бөйрөк, табарсык жана жатын сыяктуу органдарда рактын пайда болуу коркунучун арттырары белгилүү.

Тамеки тартуу денебиздеги дээрлик бардык системаларга тескери таасирин тийгизет. Кандын айланышын акырындатып уйкусуздуктан гангренага чейин көптөгөн кесепеттерге алып келген тамеки атеросклероздун негизги себептеринин бири. Тамеки тарткандарда инфаркт, инсульт жана жүрөк оорулары да көп кездешет.

Тамекиден жабыркаган дагы бир система – репродуктивдүү система. Кош бойлуу кезинде тамеки тартуу тукумсуздукка алып келген кесепеттеринен тышкары, бойдон түшүү, мөөнөтүнөн мурда же тубаса кемтиктердин пайда болуу коркунучун жогорулатат. Тамеки тартуу иммундук системаны да алсыратып, организм инфекцияларга туруштук бере албай калат. Бул да тамекиден түздөн-түз жабыркаган органдардан тышкары, жалпы денебизге зыян келтирет.

Айтылган зыяндар тамеки тарткандарга гана эмес, тамеки тартылган чөйрөдө болгон адамдарга да таасирин тийгизет. Тамекиден чыккан жагымсыз жыт, адамдардын чачынан кийимине чейин сиңген жыт  коомдук турмушка да терс таасирин тийгизүүдө. Тамеки тартуудан баш тартуу же тамекини таштоо оорунун коркунучун азайтуу үчүн маанилүү кадам экенин баса белгилеп, мен өзүмдү сыйлаганым үчүн тамеки тартпайм деп программабызды аяктайбыз.



Тектеш кабарлар