Жазылык Кул Кожо Акматтын “Насыяттар жыйнагы”

Түрк дүйнөсүнө арналган өмүрлөр-4

2119531
Жазылык Кул Кожо Акматтын “Насыяттар жыйнагы”

       Урматтуу окурмандар! «Түрк дүйнөсүнө арналган өмүрлөр» аттуу программабыздын бул чыгарылышында Караханиддер доорундагы түрк адабиятынын өкүлдөрүнүн бири Жазылык Кул Кожо Акматтын мындайча айтканда Ахмет Ясевинин өмүр жолу жана “Насыяттар жыйнагы” атту чыгармасы тууралуу кеп салабыз.         

       12-кылымда жашап өткөн, “Түркстандын пири” деген ылакап менен белгилүү болгон Кул Кожо Акмат түрк элдеринин арасында ислам дининин түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө маанилүү салым кошкон суфий лидерлеринин бири. Кул Кожо Акматтын өмүр таржымалына байланыштуу бир топ маалымат негизинен эл арасында айтылган уламыштарга таянат. Бирок ал жөнүндө чындыктын элементтерин камтыган эң маанилүү жазма булак – өзүнүн “Насыяттар жыйнагы” болуп саналат. Бул маалыматка караганда, Кул Кожо Акмат батыш Түркстандагы, азыркы Казакстан аймагынын түштүгүндө Чымкентке жакын Сайрам шаарында туулган. Атасы Алинин урпагы шейх Ибрайим, энеси Муса шейхтин кызы Айше Хатун. Ата-энесинен жаш кезинде ажыраган Кул Кожо Акмат эжеси Гаухар менен Жазы шаарына жайгашат. Маалыматтарга караганда, ал алгачкы билимин атасынан, андан соң Сайдамдын алдыңкы аалымы Шехабеддин Исфакабиден алган. Кийин Жазы шаарына келгенде “Арслан Баба” аттуу руханий жол башчы, устазынан таалим-тарбия алат.  Уламыштарга караганда, Арслан Баба Мухаммед пайгамбардын руханий белгиси менен аманатын жеткиргени айтылат[1]. Аслан Баба каза болгондон кийин, ислам цивилизациясынын эң маанилүү борборборунун бири болгон Бухарага келип, ошол доордун алдыңкы аалымы шейх Жусуп аль-Хамеданиден таалим алган. Жусуп аль-Хамедани өлүмүнөн кийин анын ордуна Кул Кожо Акмат өзү таалим бере баштаган. Бир канча убакыттан кийин ал жерден кайтып Жазы шаарына келет дагы Орто Азия түрктөрүнө мүнөздүү “Суфизмди” негиздеген.[2] Кыска убакыттын ичинде Кул Кожо Акмат өзүнүн пикирлери жана эмгектери менен Түркстан боюнча чоң атак-даңкка ээ болгон. Анын наамы көптөгөн ислам өлкөлөрүнө жайылган. Бекеринен, “Мадинада Мухаммед, Түркстанда Кул Кожо Акмат” ылакабы бүтүндөй Ислам дүйнөсүндө жайылбаса керек.[3] Кул Кожо Акматтын туулган жылы так белгилүү болбосо да, анын 73 жыл жашап, 1166-жылы каза болгондугун “Фарк-наама” аттуу муриттеринин жазып калтырган казалынан билебиз. Кул Кожо Акматтын маанилүү риваяттарынын бири, ал 63 жашка чыкканда жер алдынан баш калкалоочу төлөк каздырып, калган өмүрүн ошол жерде өткөргөнү тууралуу уламышы белгилүү. Ал “Алаа Таала пайгамбарыбыз Мухаммедге 63 жаштан ашкан өмүр берген эмес экен, ошондуктан мындан ары жер бетинде жашоого мага дагы арам” – деп айткан экен.

        Кул Кожо Акматтын даанышмандыгын камтыган философиялык жана адабий чыгармасына бүгүн “Диван-ы Хикмет” же болбосо “Насыяттар жыйнагы” деп аталат. Бул чыгарманын бүткүл түрк дүйнөсүнүн Ислам динин таанып-билүүдө зор маанилүү орду бар. Белгилүү түрколог Эраслан “Насыяттар жыйнагынын” мазмуну тууралуу төмөнкүдөй маалыматтарды берет. Ал: “Насыяттардын мазмуну – исламдын, суфизмдин негиздеринен, ишенимдеринен жана жоболорунан турат. Мындан тышкары, кээ бир насыяттарында практикалык этика, социалдык курчап турган чөйрөнүн көйгөйлөрүнө басым жасалат. Алладан ырайым суроо, пайгамбарга мактоо жана төрт халифеге ыраазычылыгынан башка насааттарында айтылган темаларды төмөнкүчө тизмелөөгө болот. Аллага болгон сүйүү, Алланын жалгыздыгы,  түбөлүк күч жана кудурет, азирети пайгамбардын сый-урматы жана сүйүүсү, пайгамбардын шарыят жана сүннөттөрү, такыбалык, ибадат, ислам ахлагы, ислам уламыштары, акырет жашоосу, кыямат, бейиш менен тозоктун сүрөттөлүшү, дүйнөгө болгон нааразычылык, дервиш болуунун пазилеттери, сопулардын окуялары, зикир жана обочолонуу” -  деп жазган[4]. Кул Кожо Акматка таандык бүгүнкү күнгө чейин жыйналган акыл-насааттардын саны 250гө жетет. Насааттарынын ушул күнгө чейин сакталып калышынын негизги себептеринин бири – ислам динин карапайым элдин тилинде башкача айтканда, жөнөкөй түрк тилинде түшүндүргөнүндө жатат. Мындан тышкары, насыяттарынын дээрлик ар бир коомдо музыканын коштоосунда айтылышы жана Кул Кожо Акматтан кийин келген көптөгөн мүриттери, сопу-дервиштеринин ошол эле ыкмада ыр жазып уланткандары анын сакталышында маанилүү факторлорунун бири болгон.

        Акыл-насааттардын (хикметтер) ар кандай кол жазмалары жана басылган көчүрмөлөрүн дүйнөнүн көптөгөн китепканаларында жолуктурууга болот. Колубузга жеткен эң эски нускасы 16-17-кылымдарга таандык. Чыгарманын нускаларынан белгилүү болгондору Стамбул университетинин Түрк таануу институнун китепканасында, Ахмет Жафероглу жана Эмел Эсиндин китепканаларында табылган көчүрмөлөрү, Манчестердеги “Жон Райлендс” университетинин китепканасында, Стамбул университетинде, Миллет, Кония Мевлана музейинин китепканасында жана Ленинграддагы Азия элдери музейинде кол жазмалары бар. Чыгарманын ар жерде басылмалары дагы бар. Акыл-насааты кылымдарды карыткан  Кул Кожо Акматтын каза болгонунун 850-жылдыгына карата 2016-жылы ЮНЕСКО тарабынан “Кул Кожо Акмат жылы” деп жарыяланган. Бул инсандын түрк дүйнөсүнө тийгизген таасирин өзүнөн кийин келген Мевлана, Юнус Эмре жана Хажы Бекташ сыяктуу доорунун улуу инсандарынан көрө алабыз.

        Урматтуу окурмандар, бүгүнкү программабызда Назгүл Кадырова тарабынан даярдалган Кул Кожо Акмат (Ахмет Ясеви) жана анын даанышмандыгы тууралуу кыскача маалымат берилди. 

              

KAYNAKLAR:

1. Şengün, N. (2016). Dîvân-ı Hikmet’te Dil, Anlatım ve Muhteva Hususiyetleri. Diyanet İlmî Dergisi, 52 (4), 129-146.

2. Türküresin, H.E. (2021). Pir-i Türkisatn Hoca Ahmed Yesevî ve Divan-ı Hikmet’te Bulunan Değerler. Türk Kültürü ve Hacı Bektaş Veli Araştırma Dergisi, 99, 267-284.

3. Petek, E, Dağıstan, S. (2017). Dîvân-ı Hikmet’in Yeni Bir Nüshası ‘Köksetav Nüshası’. Türk Dünyası, Dil ve Edebiyat Dergisi, 43, 207-233.

4. Çakan, V. (2005). Hoca Ahmed Yesevi ve Divân-ı Hikmet. Milli Folklor, 17 (68), 201-207.

5. Bice, H. (2016).  Pîr-i Türkistan Hoca Ahmed Yesevi, Ankara. s.400

 

 



Тектеш кабарлар