Террор менен күрөшүүдө жаңы мезгил

Апталык анализ - 12.2024

2119055
Террор менен күрөшүүдө жаңы мезгил

 Президент Эрдогандын билдирүүлөрүнөн кийин Хакан Фидандын аймакка карата сапарлары жана акырында аянтта таштала баштаган кадамдар Түркиянын террор менен күрөшүүсүнүн негизинде  Ирак жана Сирияда жаңы аскердик операцияларды баштай тургандыгын көрсөтүп,  АКШнын аймактан чыгып же чыкпай тургандыгы, Россия жана Иран сыяктуу актерлордун  таштай турган кадамдары да Түркиянын тиешелүү иш - аракет багытын аныктай тургандай көрүнүүдө.        

СЕТАнын тышкы саясат изилдөөчүсү Жан Ажундун  бул тууралуу баа берүүсү.  

Түркия үчүн аймактык динамика оң жылыштарды көрсөтүүдө. Айрыкча Багдад башкаруусу менен жүргүзүлгөн саясий жана дипломатиялык сүйлөшүүлөр террор менен күрөшүүнүн алкагында биринчи жолу жыйынтык бере баштады. Ирак башкаруусунун ПККга  расмий түрдө тыюу салынган уюм статусун берип, чогулган орток коопсуздук механизми менен Иракта ПККга каршы таштала турган кадамдар талкууланды.

Натыйжада Түркия  Багдад жана Эрбил менен биргеликте ПККга каршы күрөшүүнү каалайт жана  Багдаддын да эми ПККдан кутулууну каалагандыгына байланыштуу күчтүү көрсөткүчтөр бар. Натыйжада Түркия жана Ирактын бири бирин толуктаган олуттуу экономикалык кызыкчылыктары сөз болууда, соода көлөмүнүн чоңойтулары, суу маселесинин ийгиликтүү башкарыла алары, түрк фирмаларынын Иракка карата инвестициялары арта турган бир теңдемеден сөз кылууга болот. Өзгөчө келерки айда президент Эрдогандын Багдадга сапар менен барышы күтүлүүдө ушунун негизинде тийиштүү темаларда так кадамдардын таштала баштай тургандыгын көрө алабыз. Өзгөчө Өнүгүү жолу долбоору Перс булуңунан баштала турган Ирактын негизги аймагы аркылуу Түркияга жете турган глобалдык логистикалык линиянын курулушу боюнча тараптардын макулдашуусу жана бул үчүн инвестиция жасай башташы да эми ПКК маселесинин бүткөрүлүшү керектигин көрсөткөн башка абал катары алдыбызга чыгууда. Бул жерде албетте Ирандын ойной турган ролу да маанилүү, Иран кааласа Багдадга тийгизген таасири менен бул өнөктөшүүгө зыянын тийгизе алат жана Түркия ушунун негизинде алдыбыздагы айларда ПККга каршы бир тараптуу кадамдарды таштоого мажбур болушу мүмкүн бирок мунун Анкаранын да Багдаддын да кызыкчылыгына эмес экендиги ачык.

Түркия үчүн дагы бир тема Сирия. Бул жерде АКШ аскерлеринин чыгышы же чыкпашы негизги күн тартиби болууда бирок Түркиянын Ирактагы кадамдары, өзгөчө уюмдун Ирак - Сирия байланышынын токтотулушу Сирия талаасына олуттуу оң таасирин тийгизет. Түркия учурда байланыш линияларында ПКК менен иш алып барууда, бирок айрым учурларда  баш кесүү процессинин алкагында  ПКК мүчөлөрү Улуттук Чалгындоо Уюму тарабынан Сирияда да бутага алынууда. Бирок, азырынча жаңы бир аскердик операция үчүн АКШнын Сириядан чыгып же чыкпай тургандыгы анык болушу керек. 

 

 



Тектеш кабарлар