Нооруз майрамынын мааниси

Евразия күндеми-12

2118371
Нооруз майрамынын мааниси

“Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда түрк дүйнөсүнүн орток майрамы болгон Нооруз майрамынын мааниси тууралуу кеп салабыз.

Эзелтен бери катаал кыш мезгилинен кийин келген жаз көчмөн түрк урууларына кубаныч тартуулаган. Көчмөндөр жазга аман-эсен чыгышкандыктан, жаратылыш эле эмес, үмүттөр да ойгонгон. Түрк уруулары жаздын келишин март, май айларында, ал тургай түндүктө жашагандар июнь айынын башында майрамдашчу. Жаздын эң белгилүү майрамы 21-март күнү белгиленген Нооруз болгон. Нооруз сөзү перс тилинен түрк тилдерине өткөн жана «жаңы күн» дегенди билдирет.

Күн менен түн теңелген 21-март Евразия элдеринин көбүндө жаңы жылдын башталышы катары белгилүү. Түрк калктары, анын ичинде кыргыздар байыртадан бери колдонуп келген 12 жаныбардан турган жылнаамада жаңы жыл 21-март күнү башталат. Бул маалыматтарга таянып, түрк элдеринде 21-март, же жаңы жыл байыртадан бери белгиленип келет деп айтсак болот.

Осмон империясынын акыркы мезгилинде жана Советтер Союзуна караштуу түрк республикаларында Нооруз расмий майрам болгон эмес. Түрк республикалары 1991-жылы эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин Нооруз расмий майрам катары белгилене баштаган. Бул абал түрк калктарынын орток майрамы болгон Нооруздун Түркияда шаттануу менен белгиленишине себеп болду.

Бириккен Улуттар Уюмунун 2010-жылдын 23-февралында кабыл алган чечими менен 21-март Эл аралык Нооруз күнү деп жарыяланган. 2016-жылы түрк республикалары менен катар Ооганстан, Индия, Иран, Ирак, Пакистан жана Тажикстандын биргелешкен кайрылуусу менен Нооруз ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген.

Ноорузда улуу от жагылып, адамдар оттун үстүнөн секиришет. Түрк калктары байыркы замандан бери оттун тазалоочу касиети бар деп эсептешкен. Түрк элдери Нооруздун алдында үйлөрүн жана айлана-чөйрөсүн сөзсүз тазалашат.

Майрамга байланыштуу туугандар бири-бирине мейманга барышат. Түрк республикаларында спорттук мелдештер жана концерттер Нооруздун ажырагыс бөлүгү болуп калды. Ошондой эле түрк республикаларынын мамлекет башчылары бири-бирин Нооруз майрамы менен куттукташат.

Ноорузда “сүмөлөк” аттуу таттуу тамак жасалат. Сүмөлөк 10 сааттан ашуун кайнатылып бышырылат. Чоң казанда даярдалган сүмөлөктү аралаштырып, тилек айтуу салтка айланган. Уламышка ылайык, бир күнү үйдө тамак-ашы калбаган эне балдарын алаксытып уктатуу үчүн казанга көп суу, бир аз таш салып, жай отто кайната баштайт. Чарчагандыктан алгач балдары, анан өзү уктап калат. Эртең менен ойгонушса, казанда аларды азыр “сүмөлөк” деп аталган таттуу тамак күтүп турган болот. Ошентип, Нооруз күзүндө кышка даярдаган азыгы түгөнүп бараткан эл үчүн жаңы жашоонун, үмүттүн, молчулуктун жарчысы болуп саналат.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.



Тектеш кабарлар