Мезгилге жараша тамактанам

Анткени - 12.2024

2116059
Мезгилге жараша тамактанам

     Урматтуу радио угармандар, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында ден соолугубуз жана келечектеги муундардын коопсуз тамак  - ашка жетишин кызыктырган темага токтолобуз. Программабызды мезгилге жараша  тамактанам анкени деп баштайбыз.

20 - кылымдын акыркы чейрегине чейин дүйнө калкынын басымдуу бөлүгү айыл жеринде жашачу. Негизги киреше булагы дыйканчылык жана мал чарбасы болгон айыл жеринде же ага жакын жерде жашаган адамдар үчүн жаңы жашылча-жемиштерге жетүү азыркыга караганда жеңилирээк болгон. Бирок шаарлар чоңоюп, айылдар бошогон сайын абал өзгөрө баштады. Буга  тездик менен өсүп жаткан калктын санын кошкондо, айыл чарба продукциялары салттуу ыкмалардын ордуна өнөр жай жолу менен өндүрүлө баштады.

Көп уккан «кайда калды мурдагы помидорлор» сыяктуу сөздөр туура. Анткени азыркы учурда жашылча - жемиштердин  көпчүлүгү талаада эмес, күнөсканада өстүрүлүүдө.  Күндүн нуру менен бышкан, мзгили келгенде жыйналган, жыйналгандан кыска убакыттан кийин тез колдонулган мезгилдик  жашылча - жемиштер аз кездешет. Бул  абалдын ден соолугубузга тийгизген  эки таасири алдыга чыгууда. Биринчиси жасалма чөйрөдө өскөн айыл  чарба продукцияларынын азыктык баалуулугунун төмөн болушу. Экинчиси мындай өндүрүштө тамак  - аш азыктарында  айыл чарба дары – дармектеринин калдыктарынын көп кездешилиши.

Ден соолук үчүн дагы олуттуу коркунуч - сезондон тышкары желген көптөгөн тамак-аш азыктарынын курамындагы консерванттар жана химиялык заттар ичеги флорасындагы пайдалуу микроорганизмдерге зыян келтирип, иммундук системабызды алсыратат. Мезгилинде жана табигый түрдө өндүрүлгөн жашылча-жемиштер курамында клетчаткага бай болгондуктан иммунитет үчүн өтө маанилүү.

Сөзүбүздүн акырында табигый болбогон жол менен өндүрүлгөн жашылча-жемиштердин дасторконубуздан орун алышы келечегибизге кандай коркунуч туудуруп жатканына кыскача токтоло кетели. Жасалма чөйрөдө өндүрүү, жыйноо, сактоо жана таңгактоо этаптарында сарпталган энергия жана суу кийинки муундардан алынган баалуулуктар болуп саналат. Тилекке каршы, өндүрүштөн керектөөгө чейин аяр мамиле кылбасак, карыз алганды алмаштыра албай турганыбыз айдан ачык. Эмесе мезгилге жараша тамактанам анткени планетама жана ден соолугума кам көрөм деп сиздер менен коштошолу. Саламатта болуңуздар.



Тектеш кабарлар