"Суранам"

Анткени - 10.2024

2115012
"Суранам"

Урматтуу окурмандар,  бүгүнкү чыгарылышыбызда  жазуу түрүндөгү эреже болбогон бирок орундатылганда адамды бактылуу кылган бир жүрүм  - турумдан, түрк тилиндеги «лүтфен» тактап айтканда  «суранам» деп айтуудан сөз кылабыз. Түрк тил мекемеси тарабынан  «Бирөөдөн бир нерсе суранганда «каалаймын, суранам» деген маанини  билдирген сөз катары айтылган «лүтфен» деген сөз араб тилинен келген сөз.

«Лүтфен» тактап айтканда суранам деп айтуу эң башта башкаларга сый көрсөтүүнүн бир жолу катары кабыл алынат. Каалоолорубузду, талаптарыбызды билдирип жатып бул сөздү колдонуу, башкаларды колдогондугубузду жана аларды сыйлаганыбызды билдирет. Бекем байланыш, тараптардын бири бирине назик мамиле кыларын эң башта көрсөтүүсү менен мүмкүн болот. Антпесе тараптар бири бирин шектенүү менен угуп терс мамилеге алып келиши мүмкүн. Суранам деп айтуу байланыштын  таасирдүү жана оң атмосферада ишке ашышына жардам берет.

Суранам деп айтуу көптөгөн маданиятта социалдык нормаларга ылайык мамиле кылуунун бир бөлүгү. Коомдун ичиндеги өз ара аракеттенүүдө тиешелүү жүрүм-турум үлгүлөрүн сактоо социалдык мамилелердин позитивдүү түрдө сакталышын камсыздайт. Бул жагынан алганда, кызматташуу жана кызматташтык рухун колдогон өзгөчөлүккө ээ сураныч деген сөз коомдун бекемдиги үчүн маанилүү элемент болуп саналат.

Каалоолорубузду сылыктык менен билдирүү адамдардын бизге жардам берүүгө чечим чыгаруу процессин оң багытта таасирлентет. Кааланган нерсе  экинчи тарапты мажбурлай турган мүнөздө болбосо да  тилегибизди «суранам» менен билдирүү адамдын өзүнө жана башкаларга болгон урмат - сыйын көрсөтөт. Өзгөчө коомдук транспортто жол кирени берип жатып, буйрутма берген официантыбызга «суранам» деп айтуу бизге эч кандай зыян алып келбейт.



Тектеш кабарлар