Эдиб Ахмед Йүкнеки «Акыйкаттын эшиги»

Түрк дүйнөсүнө арналган өмүрлөр-3

2108800
Эдиб Ахмед Йүкнеки «Акыйкаттын эшиги»

Урматтуу окурмандар! «Түрк дүйнөсүнө арналган өмүрлөр»  программабыздын бул жолку чыгарылышында 12-кылымда жазылган түрк-ислам адабиятынын сейрек үлгүлөрүнүн бири болгон «Атебетүл-Хакайык» же «Акыйкаттын эшиги» чыгармасы жана анын автору Ахмед Эдиб Йүкнеки тууралуу кеп салабыз.         

Ардактуу окурмандар, түрк эли ислам динин негизинен 11-кылымда кабыл алышкан. Ислам-Түрк адабиятынын алгачкы үлгүлөрү алгачкы мусулман-түрк мамлекети болгон Караханиддер доорунда жазылып бүгүнкү күнгө чейин жеткен. Алардын бири «Атебетүл-Хакайык» чыгармасы болуп эсептелет. Исламды жаңы кабыл алган коомго, бул жаңы ишенимди өз тилинде түшүндүрүү үчүн жазылган. Чыгарманын автору Карахандар доорунда 12-кылымда жашап өткөн тубаса сокур түрк акыны Эдиб Ахмед Йүкнеки болгон. Анын өмүр-баяны тууралуу өтө аз маалымат учурайт. Алгачкы маалыматты өзүнүн чыгармасынан жолуктурабыз. Атасынын аты Махмут экенин жазган акын Самаркандга жакын жердеги Йүкнек шаарында туулган экен. Жазуучу үчүн маалымат булактарынын бири Алишер Навоинин «Несаимул-Махаббе» китебинде кездешет. Ал эмгегинде түрк, диндар, жана акылдуу адам катары таанылган, арап, фарс тилдерин мыкты өздөштүргөн, тасфир, хадис сыяктуу ислам илимдерин жакшы билген аалым болгону айтылган. Мындан тышкары, анын Имам Азамдын шакирти экени жана анын башка шакирттеринен мыкты болгону тууралуу жазылган. Бирок, тарыхый жактан чындыкка дал келбейт деп эсептелген бул имиш коомчулук арасында Эдиб Ахмедге таандык диний даражасынын канчалык бийик экенин көрсөтүп турат. Акындын кээ бир акыл-насааттары ооздон-оозго өтүп, 15-кылымдын аягына чейин жеткендиги, түрк элдеринин ага болгон сый-урматынан маалымат берет. Эдиб Ахмед кайсы жылы төрөлүп жана качан кайтыш болгону тууралуу эч кандай маалымат учурабайт.

«Атебетүл-Хакайык» 12-кылымда хакания диалектисинде жазылган баалуу эмгектердин бири. Анын темалары боюнча диний-ахлактык, дидактикалык чыгарма катары каралат. Тарых жана адабият тарыхы, өзгөчө түрк тарыхы боюнча изилдөөлөр үчүн чоң мааниге ээ эмгек. «Атебетүл-Хакайык» 14 бөлүмдөн турат. Кириш бөлүмүндө Алланын жалгыздыгы, Мухаммед пайгамбар анын элчиси экени жана төрт халифаны даңазалоо ыр саптары менен башталат. Анан ошол доордун улуу эмири Мухаммед Дад Испехсалар Бекке арналганы жазылган. Негизги чыгарма 40 куплет жана 101 төрт сап ыр менен куралган. «Акыйкаттын эшиги» деген маанини билдирген «Атебетүл-Хакайык» адеп-ахлак, насаат китеби болгондуктан, толугу менен даанышмандык ойлору жазылган. Чыгарманын мазмунуна көз чаптырсак, ар башка бөлүмдөрүндө айкөлдүк, чынчылдык, илим-билим, жакшылык, адептүүлүк, кичипейилдик сыяктуу темалары талкууга алынганы байкалат. Бул насаат китебинин белгилүү беш нускасы бар. Анда дүйнөнү, кудайды жана адам баласын таануу – илим аркылуу гана ишке ашаары айтылган. Бул нускалар Самарканд, Аясофия, Топкапы сарайы, Фуат Көпрүлү тарабынан таанытылып бирок кийин жоголгон Узункөпрү көчүрмөсү жана 2019-жылы биринчи жолу бардык өңүттөн таанытылган Голландия көчүрмөсү болуп саналат.

Бул эмгекти Түркияда белгилүү нускаларын салыштырып басып чыгарган тилчи Решит Рахмети Арат «Атебетүл-Хакайыктын» баалуулугу жана табияты тууралуу төмөнкүдөй баалайт. Ал: «Айрым бөлүмдөрүнүн темаларынан да түшүнгөндөй, «Атебетүл-Хакайык» түрк-ислам чөйрөсүнүн маданий алкагында жазылган. Тарбияга багытталган принциптерди түрк тилинде ыр түрүндө жазылган адеп китеби. Чыгармадагы ой-пикирлер көбүнчө аяттар, хадистер же кээ бир арапча куплеттер менен бекемделген... Мында автордун жеке пикирине караганда, белгилүү принциптерди түрк тилинде көркөмдөөгө басым жасаган. Чыгарманын жазылган доорунда ар бир окурман түшүнүп жана жадында кала тургандай жөнөкөй тилде, ыр менен жазуу максат болгонун эске алсак, Эдиб Ахмеддин бул милдетти кемчиликсиз аткарганын кабыл алуу зарыл» - деп жазат. Кийинки доорлордо «Атебетүл-Хакайык» китеби көптөгөн диван жана башка акындарга чейин таасир эткен. Бул акындардын эң белгилүүлөрү: Ниязи-и Мисри, Сади Ширази, Мевлана, Алишер Навои жана башкалары. Чыгарманын дагы бир маанилүү тарабы – бул, ой жүгүртүү же акыл жөндөмү да, диний ишеним жөндөмү да тең даражада алып жүрүүнү таамай көрсөткөндүгүндө. Мындан тышкары,  түркология илим изилдөөлөрү жагынан орто түрк дооруна жарык чачкан үчүнчү маанилүү эмгек болгондуктан илим дүйнөсүндө дайыма аты аталып кала бермекчи.

                 Урматтуу окурмандар, бүгүнкү программада атагы алыска кеткен Алишер Навои дооруна чейин, тактап айтканда, 15-кылымдын аягына чейин жеткен, өмүрү легендага айланган Эдиб Ахмед Йүкнеки жана анын чыгармасы «Атебетүл-Хакайык» тууралуу кыскача маалымат берилди.

        ТРТ Түркия үнү радиосунда Назгүл Кадырова даярдаган “Түрк дүйнөсүнө арналган өмүрлөр” аттуу программаны уктуңуздар. Саламатта калыңыздар...

 

KAYNAKLAR:

1. Turkish Studies (2012)- International Periodical For The Languages, Literature and History of Turkish or Turkic Volume 7/4, Fall, p. 1177-1202, ANKARA-TURKEY.

2. Yıldırım F., Çapa G.N. (2022) “Atebetü’l-Hakâyık’ın Eski Uygur Harfli Semerkand Nüshasının Paleografik İncelenmesi”, Korkut Ata Türkiyat Araştırmaları Dergisi, Uluslararası Türk Dili ve Edebiyatı Araştırmaları Dergisi, 8, s.56-103.

3. Edib Ahmed Yükneki (2019)‘Atebetü’l Hakayık’ Hakan Ali Yücel Klasikler Dizisi, Türkiye İş Bankası Kültür Yayınları.



Тектеш кабарлар