Апталык анализ - 08.2024

Египеттин каршы чыгуусу

2106930
Апталык анализ - 08.2024

    Түркия жана Египет карым  - катнаштарын кайрадан стратегиялык өнөктөштүккө айландырган мезгилдин ичине кирди. Эки өлкө тең     кагылышуунун ордуна орток кызыкчылыктарды максат кылган жаңы бир эрктен сөз кылууга болот. Бул жерде аймактык каршы чыгуулар жана ички маселелер негиз болгону менен, өзгөчө Египеттин Түркия менен карым – катнаштарын калыбына келтириши үчүн олуттуу себептер бар. Египет көптөгөн темада чоң кризистин ичинде. 

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун пикири. 
Египеттеги аскердик төңкөрүштөн кийин Абдель Фаттах ес  - Сиси президент катары жаңы режимди курду. Бүгүнкү күндө уланып жаткан бул система Египеттеги төңкөрүштөн мурунку мезгилге кайтууну билдирет. Аскердик элита жана жарым-жартылай соттук бюрократия сыяктуу бийликтин ар кандай бюрократиялык борборлору үстөмдүк кылган система. Саясий система кээ бир кыйынчылыктарга карабастан бар болуусун улантууда, чыныгы блокада экономикага негизделген деп айтууга болот.

Египеттин экономикасы чоң кризисте. Өлкөнүн чоң   тышкы соода дефицитке кабылгандыгы сөз болуп,  Сисинин башкаруусунда 160 миллиард долларлык тышкы карыз пайда болду. Борбордук банктын резервдери чет өлкөдөн келген своптар менен сакталып турат, бирок тышкы карызды каржылоодо чоң кыйынчылыктар бар. Египет Эл аралык валюта фонду менен  келишимге кол койду жана азыркы учурда Аргентинадан кийин Эл аралык валюта фондуна карызы көп экинчи өлкө. Жаңы кредит тилими үчүн Эл аралык валюта фонду кыйын шарттарды ортого салууда. Өзгөчө экономикада армиянын гегомониясын акырындык менен жоюу, акча бирдиги жүнейх валютасынын арзандашы жана стратегиялык секторлор да болгон менчиктештирүү талаптары сөз болууда. Учурдагы тартип бул талаптарды орундатууну каалабагандай көрүнүүдө. Перс булуңундагы өлкөлөрдүн карыздары чекке жетти жана жаңы ресурстарды киргизүү мүмкүн эмес. Сисинин да айтканындай Суэц каналынан түшкөн 10 миллиард долларлык жылдык кирешенин кеминде жарымы хуситтердин кол салууларынан улам жок болуп жатат. Орточо египеттиктердин сатып алуу күчү күндөн - күнгө төмөндөп баратат жана  эң негизги керектөөлөр үчүн кээде баалар мыйзамсыз жогорулоодо. Египет жүнейхинин  да эки  баасы бар: расмий жана көчө базары. Көчө базарындагы жүнейхтин баасы дээрлик жарымынан төмөн.
Ошондой эле олуттуу геосаясий тобокелдиктер бар. Судандагы жарандык согуш Египеттин экономикасына терс таасирин тийгизүүдө. Качкындар агымы пайда болууда. Эфиопия менен Ренессанс дамба кризиси Египеттин суу менен камсыздоо коопсуздугуна коркунуч туудурууда. 
Ливиядагы саясий жана аскердик бөлүнүү Египеттин кызыкчылыктарына зыян келтирүүдө. Бирок негизги коркунуч Газадан келет. Израилдин Газадагы адамзаттык тышы кыргындарынын негизги максаты аймактын калкын жок кылуу жана газалыктарды Египеттеги Синай жарым аралына сүрүү.  Бул абал бардык жагынан Египеттин улуттук коопсуздугуна чоң коркунуч келтирүүдө.
Ошондуктан Түркия  - Египет стратегиялык өнөктөштүгү эки өлкөнүн ичинде маанилүү жана баалуу болсо да Египет үчүн абдан маанилүү процесс. Египет керек болсо экономикалык керек болсо геосаясий коркунучтарга каршы Түркия менен өнөктөштүгүнөн олуттуу пайда ала алат. 
 



Тектеш кабарлар