Эрдогандын Каир сапары жана Түркия-Египет карым-катнашы

Апталык анализ - 7. 2024

2103684
Эрдогандын Каир сапары жана Түркия-Египет карым-катнашы

2013 - жылы Египеттеги аскердик төңкөрүшкө Түркиянын катуу жооп кайтаруусу менен эки өлкөнүн карым-катнаштары үзүлө турган чекке жетип, Чыгыш Жер Ортолук деңизи жана Ливия сыяктуу маселелерде да олуттуу тирешүүлөр болду. Бирок акыркы жылдарда тараптар жаңы бир эрк көрсөтүп, мамилелерди жөнгө салуу үчүн кадамдарды таштай башташты. Эрдоган менен Сисинин Катарда биринчи жолу жолугушуусунан кийин эми Эрдоган Каирге сапар менен барды. Эки өлкөнүн карым  - катнаштары калыбына келтирилип, көптөгөн орток кызыкчылыктар каралды.           

СЕТАнын тышкы саясий изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири. 

Египеттеги төңкөрүш Түркия - Египет мамилелерин терең солкулдатты. Түркия президент Эрдогандын лидерлигинде  Египеттеги аскердик төңкөрүшкө дүйнөдө балким эң катаал реакция көрсөткөн өлкө болду.  Эки өлкөнүн мамилеси олуттуу түрдө солгундап,  көптөгөн маанилүү маселелерде карама  - каршы келе  баштады. Чыгыш Жер Ортолук деңизинде Ливияда көптөгөн жерде бул чыңалуунун издерин көрүүгө болот. Бирок эки өлкө тең аймактык каршы чыгуулар жана коркунучтар менен беттешип, бул чыңалууну улантпоо чечимин чыгарышты. Негизинен Түркия акыркы бир канча жылдан бери аймактык калыбына келүү парадигмасы менен көйгөйлүү көптөгөн өлкө менен карым  - катнаштарын оңдоо жолуна кирди. Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмирликтери булардын башында турат жана алдыга жылуу Түркия  - Египет карым  - катнаштарына да жеңилдик бергендей көрүнүүдө. Түркия менен Египеттин ортосунда техникалык деңгээлде сүйлөшүүлөрдү өткөргөн делегациялар түзүлдү андан кийин Эрдоган менен Сиси Катардагы футбол дипломатиясы менен жолугушуп биринчи жолу кол алышты.  Эрдоган чоң бир делегация менен Каирди зыярат кылды.

Египеттин көз карашы менен караганыбызда, алар башынан өткөрүп жаткан экономикалык кризитин чоң сыноо экенин көрөбүз. Оболу пандемиядан кийин Украина  -  Россия согушу Египетке олуттуу мааниде тескери  таасир тийгизди жана Израилдин Газадагы кол салуулары жана мүмкүн болуучу кесепеттери да Египеттин экономикасын терең солкулдатты. Хуситтердин Кызыл деңизди жабуусу бул абалды дагы да бекемдеди. Ансыз да армия гегемониясы астында өтө алсыз болгон Египет экономикасы олуттуу тышкы карыздарды төлөө кризиси менен бетме – бет келип турат.  

Эл аралык валюта фонду менен стенд-бай сүйлөшүүлөрү да жакшы жүрбөй жатат. Египет калкы оор кыйынчылыктын ичинде.  Башка жагынан алганда, Египет Африкадагы ички кагылышуулар ​​менен күрөшүп жатат жана Судан да булардын башында турат. Эфиопиянын кол салуу позициясы "Ренесанс" (Нахда) плотинасы аркылуу Египеттин суу коопсуздугуна да коркунуч келтирүүдө. Израилдин Газага карата ниети ачык көрүнүп турса да, газалыктарды Синайга депортациялоо Египеттин улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирет.

Мындай конъюнктурада Египеттин Түркиянын достугуна жана стратегиялык өнөктөштүгүнө олуттуу муктаждыгы бар деп айтууга болот. Египет да Түркия үчүн маанилүү өнөктөш.  Африкага ачылган дарбаза, Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги жана Ливиядагы саясаты үчүн чоң союздаш болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Эки өлкө тең негизинен коммерциялык жана геосаясий кызыкчылыктар боюнча чоң өлчөмдө бири бирин толуктап турат. 

Ошондуктан тарыхый байланыштар, элдердин ортосундагы тилектештик жана жалпы кызыкчылыктар эки өлкөнүн мамилелерин кайрадан стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүүдө маанилүү катализатор болорун көрүүгө болот. Эрдогандын Каир сапары ушул парадигманы камтыгандай.

 

 



Тектеш кабарлар