Анткени - 7.2024

Чет тилин үйрөнүү керек.

2102400
Анткени - 7.2024

Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда чет тилин үйрөнүү тууралуу сөз кылабыз.

Түркчөдө «Бир тил бир киши, эки тил эки киши» деген мыкты макал бар. 20 -  кылымдын баштарында Витгенштейн  : «Тилимин чеги дүйнөмүн чеги»,- деп ойлонуунун чектерин белгилөөгө аракет кылган. Айтылгандардын баары ой жүгүртүүнүн жемиши болгондой эле, ойду айта билүү да тилге байланыштуу. Тажрыйбаларды же окуяларды ар кандай тилдерде чагылдыруу адамдын ой жүгүртүүсүн кандайча жакшыртаары бүгүнкү күндө ачыкча ортодо.

Эне тили адам үйрөнбөстөн бирок көптөгөн нерселер сыяктуу эле өздөштүрө ала турган факты. Балдар тилди үйрөнбөйт, өздөштүрөт. Эне тилибиз менен дүйнөнү таанып, жакын чөйрөбүз менен байланыш курабыз. Ар бир жандык сыяктуу жашообузга мүмкүнчүлүк берген бул өзгөчөлүк цивилизациянын бүгүн жеткен жеринде, бүгүнкү күндүн тили менен айта турган болсок айрым жаңыланууга муктаж.

Бүгүнкү дүйнө баарлашууну каалаган жерде, каалаган убакта мүмкүн кылат. Ар бир секундда миллиондогон кабар дүйнөнүн төрт тарабына жетүүдө. Бир кылым мурда француз тили жалпы тил деп эсептелген болсо,  бүгүнкү күндө англис тили талашсыз дүйнөлүк тил. Бүгүн дүйнөдө болуп жаткан окуяларга көз салуу абдан оңой. Интернеттин жардамы менен дүйнөнүн бардык жерине жете алабыз. Чет тилин жаш кезинен үйрөнө баштоонун психикалык пайдасынан тышкары, изилдөөлөр анын физиологиялык пайдасы да далилденген.

Чет тилин эмес тилдерди үйрөнүп жатамын анткени дүйнөдө болгон окуяларга учурунда көз сала аламын деп айтууга боло турган  бул күндү туура пайдалануу керек.



Тектеш кабарлар