Анткени  - 6. 2024

Уйку.

2098556
Анткени  - 6. 2024

       Урматтуу окурмандар бүгүн уйку тууралуу сөз кылабыз.

Уйкуңуз кандыбы?  Программабызды «уйку режимимди бузбаймын» анткени деген сөз менен баштайбыз.

Уйкуңуз канбаган болсо айта тургандарыбыз сиз үчүн белгилүү бир жыштыкта үн толкундары болуудан башка эч нерсе болбойт. Уккандарыңызды мээңизде иштетүү кыйынга турат. Анткени уйку денебиздин эс алуусу менен байланыштуу болгондой эле мээбиздин  иштеши менен да байланыштуу.

Жапайы турмуштагы жандыктар уйкуларын азыктануу  жана коргонуу муктаждыктарына карата жөнгө  салат. Мисалы мышыктар табияттагы аңчыларды күндүз дагы жакшы көргөндүктөн күндүз уктап эс алып түнү аң уулаганды жакшы көрүшөт. Биз адамдар цивилизация берген комфорттон улам 24 саат бою каалаган убакта уктай алабыз...

Бирок мээбиз жана дене түзүлүшүбүз күндүн белгилүү бир убактысында белгилүү өлчөмдө уйкуга муктаж. Башка жаныбарлар сыяктуу жырткычтардан жашынуу же олжо кубалоо үчүн болбосо да, денебиз күнү - түнү тең салмактуулугун күндүзгү жарыкка жараша жөнгө салат.

Мээбизде убакытты эң жакшы билген бир уста саат бар. Бул саат бизге эртең менен ойгонуп, түнкүсүн уктоого жардам берет. Күндүн жарыгы негизги  сааттын эң жакын досу. Негизги саатыбыздын тең салмактуулугун жарык камсыз кылат. Адамдар тамак - аштан ала албаган D витаминин күндөн алышат.

Уйку мээбизден денебизге жайылган нейрондордун бөлүштүрүлүшүн жөнгө салат.  Ойгоо болгон учурда болгондордун баары менен алектенген нейрондор биз уктап жаткнада жөнгө салынуу мүмкүнчүлүгүн табат. Ойгоо кезде мээ бир ары уюгу сыяктуу  иштейт. Дайыма жаңы эс тутум байланыштарын түзөт. Бул үчүн мээни иштеткен глюкоза керек болот. Кеч сааттарга чейин ойгоо  болгондо нейрондор чарчайт, бири бири менен аралашат. Дагы көп учурларды сактап кала албайт.

Уйку күн ичинде мээде чогулган таштандыларды тазалайт. Бардык кыймылдарыбыз үчүн керек болгон глюкоза уйку учурунда кыймыл кылбаганыбыз үчүн мээге дагы көбүрөөк берилет. Мээ өзү үчүн керектүү маалыматтарды чогултуп керексиздерди тазалайт.

Бул чектелген убакытта атай албаган көптөгөн фактордон улам ирээттүү уйку адамдын саламаттыгы үчүн азыктануу сыяктуу негизги бир муктаждык.



Тектеш кабарлар