Эрзурумдун Олту ташы

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-6

2098545
Эрзурумдун Олту ташы

Эрзурумдун Олту ташы

Катталган күнү: 19.03.2012

Түркиянын Чыгыш Анадолу аймагындагы эң чоң шаарлардын бири Эрзурум өзгөчө теспе жана кооздук буюмдарды жасоодо колдонулган жана атын Олту районунан алган «Олту ташы» менен белгилүү. Аймакта «Кара янтарь» деп да аталган Олту ташы 2012-жылы Олту районунун Соода жана өнөр жай палатасынын кайрылуусу менен Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнүн арасына киргизилген. Олту ташы арча дарактарынын калдыктарынын жер астында катып калышынан пайда болот. Олту ташынын көңүлдү бурган өзгөчөлүгү – жерден алынганда абдан жумшак, абага тийбей турганда бул жумшактыгын сактап, абага тийгенде катып калган зат болушу. Мына ушундай өзгөчөлүктөрдөн улам Олту ташын иштетүү оңой, бирок иштетилген сайын абада катып, колдонгон сайын жаркырап турат. Көбүнчө кара, кээде кара күрөң, сейрек боз жана жашыл түстө кездешет. Шахталардагы галерея деп аталган кичинекей карьерлерден адамдын эмгеги менен араң казылып алынган Олту ташы көбүнчө мончок жасоодо колдонулат, бирок морт түзүлүшүнөн улам аны иштетүү кылдат кол эмгегин жана чеберчиликти талап кылат. Олту ташынын денеге тийсе терс энергияны жок кылуу менен стрессти азайтары айтылат. Олту ташы ооруну басаңдатуучу касиетинен улам да альтернативдик медицина тармагында шакыйды дарылоодо колдонулат.



Тектеш кабарлар