Анткени  - 5.2024

Жылдыздар жылтылдайт

2095335
Анткени  - 5.2024

 Урматтуу окурмнадар, программабыздын бүгүнкү бөлүмүндө күнүмдүк турмуштан эмес, илимий бир табылгадан сөз кылабыз.  Айрым маалыматтар мектептерден алынса да практикалык эквиваленти  жоктордун мезгил ичинде эс тутумубуздун арткы планына ташталгандыгын ойлоо менен «жылдыздар жылтылдайт анткени»  деп сөзүбүздү баштайбыз.

Билгениңиздердей дүйнөнүн жарыктыгы Саманчынын жолу галактикасынын борборундагы жылдыз болгон Күнгө карыздар. Планетабыз түнкүсүн күндөн алган жарыкты чагылдырган ай тарабынан жарыктандырылат. Шаар жарыктандыруулары болбогон мезгилдерде же азыркы күндө бул жасалма жарыктандыруудан алыс болгон жерлерде түнү асмандан жаркылдаган жылдыздарды көрөбүз.  Бул жылдыздардын мынчалык жылтылдашынын себеби эмне?

Жылдыздар жылтылдайт анткени бул асман телолору жок болгонго чейин энергия чыгарып турат. Бул энергия ысыктык жана жарык катары дүйнөгө жайылат. Ядролук синтез реакциялары жылдыздардын ички бөлүгүндө, өзгөчө ядро ​​аймагында, жогорку температура жана басым астында пайда болот. Бул реакцияларда жеңил элементтер оор элементтерге айланат. Бул иш абдан жаркыраган жарыктын чыгышына себеп болот. Күндөн жети миң эсе сейрек болсо да, Жерге эң жакын жылдыз болгон Альфа Центаври тараткан жарыкты планетабыздан көрүүгө болот.

Башка жылдыздар жерден караганда Күндүн жарыгы астында болбогон учурда тактап айтканда түнкүсүн асмандан көрүнөт. Мунун негизги себеби Эйнштейн тарабынан түзүлгөн масса менен энергиянын ортосундагы теңдеме. Жылдыздардын ядросунда ишке ашкан, асман телосунун тең салмакта турушу үчүн дайыма энергия өндүргөн элементтердин арасындагы таасирдешүүдөн абдан чоң ысыктык жана жарык жаралат. Жылдыздын ичиндеги энергия жарык түрүндө сырткы катмарларга тарайт.

Жылдыздар ядролук синтез реакциялары менен миллиондогон жылдар энергия өндүрө алышат. Биз жерде бизге эң жакын жылдыздан, күндөн келген жарык нурларын болжол менен сегиз мүнөттөн кийин көрөбүз.

Түнкүсүн асманда жылтылдаганын көргөн, алыс жердеги жылдыздар болсо өчкөн болот. Биз жарык нурлары катары караган нерселер жарыктын басып өткөн триллиондогон километринин башталгыч чекити гана. Себеби жарык ааламда саатына болжол менен бир миллиард километр жол жүрөт. Түндө  биз көргөн жылдыздар миллиондогон, атүгүл миллиарддаган жылдар мурун жарыгын жаратып, ааламга таратышкан.



Тектеш кабарлар