Анткени  - 4 . 2024

Хоббилерим бар.

2092904
Анткени  - 4 . 2024

    Урматтуу радио окурмандар, бүгүн көпчүлүгүбүздүн турмушунда орун алган, аз сандаган киши ирээттүү түрдө уланткан бир түшүнүк, хоббилер тууралуу сөз кылабыз. "Хоббилерим бар анткени..." деген сөз менен программабызды баштайбыз.

Кесиптерибиздин тышында жакшы көрүү менен жасаган, эс алдыруучу, алаксытуучу катары аныкталган хобби адамдын бош убакыттарын колдонуу, көңүл ачуу, стрессти жок кылуу максатында  каалоо  жана ырахаттануу менен аткарган бир аракет.  Хоббилер барыдан мурда бир инвестиция каражаты. Бул каражаттын жардамы менен орто жана узун мөөнөттө бир иш менен алектенүү, жумуш, үй  - бүлө жана коомдун турмушунун тышында калган убакытты башкаруу жөндөмдүүлүгүнө ээ болобуз. Бул иш жана үй  - бүлө турмушубузда да оң таасирди көрсөтөт.

Хобби адамдын жаңы жөндөмдүүлүктөргө ээ болушуна, өнүктүрүшүнө жана өзүн түшүндүрө билүүсүнө мүмкүнчүлүк түзөт. Көпчүлүк хоббилер окшош кызыкчылыктары бар адамдардын топторунда бөлүшүлөт. Бүгүнкү күндө коммуникация технологияларында жеткен деңгээл менен адамдар дүйнөнүн төрт бурчунан адамдар менен баарлашып, хоббилерин өнүктүрүүдө. Хоббилер тууралуу социалдык медиа контентин түзүү да акыркы убакта абдан кеңири тараган. Бул жагынан алганда, хоббилер коомдук байланыш жогорку денгээлде тажрыйбалуу адаттар болуп саналат.

Хоббилердин маанилүү өзгөчөлүгү бош убакытты активдүү өткөрүү. Ошондуктан телевизор көрүү же спорттук оюндарды хобби катары кароого болбойт. Хоббилерде адамдын аспапта ойноо, чогулткан буюмдарын белгилүү бир өзгөчөлүктөргө ылайык ирээтке келтирүү сыяктуу физикалык жана психикалык иш - аракеттер сөз болот.

Хоббилердин физикалык жана психикалык ден соолукка тийгизген таасири көп жылдар бою изилдөөнүн предмети болууда. Белгилүү  бир хобби менен такай алектенгендердин, өзгөчө жаш кезинде, хоббиси жокторго караганда психологиялык - социалдык өнүгүүсүнүн жакшы  экендиги изилдөөчүлөр тарабынан аныкталды. Ошондой эле, күнүнө жок дегенде бир саат хобби менен алектенгендерде деменцияга чалдыгуу коркунучунун аз болору да аныкталгандардын арасында. Бүгүнкү күндө адистер жеңил жана орточо депрессияны дарылоодо клиникалык ыкмалардан тышкары, бейтаптарды хобби менен алектенүүгө жана аны менен үзгүлтүксүз күрөшүүгө чакырышууда.



Тектеш кабарлар