Түркиянын Евразия аймагындагы республикалар менен кызматташтыгы

Евразия күндеми-3

2090461
Түркиянын Евразия аймагындагы республикалар менен кызматташтыгы

Түркия үнү радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда 2023-жылы Түркиянын Евразия аймагындагы республикалар менен кызматташтыгынын кандай өткөнү тууралуу кеп салаабыз.

2023-жыл Түркия үчүн кубанычтуу жана кайгылуу окуяларга жык толгон жыл болду. 2023-жылдын 6-февралында Түркияда күчү 7,6 жана 7,8 баллга жеткен эки катуу жер титирөө катталды. Кырсыктын очогу өлкөнүн түштүгүндөгү Кахраманмараш аймагы эле. «Кылымдын апааты» деп аталган жер титирөөдөн Түркиянын 10 облусу жабыркады. Катуу жер титирөө Сирия, Кипр, Грузия, Абхазия, Армения, Ирак жана Ливанда да сезилди. Жер титирөөдө 50 миңден ашуун адам каза болду.

Евразия аймагындагы өлкөлөр бардык мүмкүнчүлүктөрүн Түркия үчүн мобилизациялады. Түркиядагы жер титирөө болгон аймакка бардык Евразия өлкөлөрү издөө-куткаруу топторун жөнөтүштү. Чет өлкөдөн эң көп куткаруучулар Түрк республикаларынан келди. Евразия аймагындагы өлкөлөрдөн чогулган жардамдар учактар ​​жана жүк ташуучу унаалар менен Түркияга жөнөтүлдү. Азербайжан, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Гагаузиянын президенттери, Грузиянын премьер-министри, Думанын төрагасынын орун басары жана министрлер Түркиянын элчиликтерине барып, көңүл айтышты. Жер титирөөдөн улам Азербайжан, Армения жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери жана Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Түркияга барышты. Евразия өлкөлөрүнүн парламенттери ишин баштаардын алдында Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондорду эскеришти. Азербайжандын Президенти Илхам Алиевдин сунушу менен 2023-жылдын 16-мартында Шушада өткөрүлүшү пландалган Түрк мамлекеттери уюмунун кезексиз саммити Түркияга колдоо көрсөтүү максатында Анкарада өткөрүлдү. Саммитке уюмга мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн лидерлери катышты.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 2023-жылдын 25-февралында, Венгриянын президенти Каталин Новак 2023-жылдын 29-мартында, Украинанын президенти Владимир Зеленский 2023-жылдын 7-июлунда жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов 2023-жылдын 26-октябрында Түркияга иш сапары менен барышты.

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган 2023-жылы Евразиянын 5 өлкөсүнө иш сапары менен барды. Президент Эрдоган 20-август жана 18-декабрда Венгрияга, 12-июнь жана 25-сентябрда Азербайжанга, 4-сентябрда Орусия Федерациясына, 2-ноябрда Казакстанга жана 8-ноябрда Өзбекстанга барды.

2023-жылы токтобой уланган Орусия-Украина согушунда Түркия ортомчу ролун улантты. Түркия дан коридорунун улантылышы, туткундарды алмашуу жана Украинага жардам көрсөтүү боюнча иштерди алып барды. БУУ, G-20 жана НАТО сыяктуу эл аралык уюмдардын саммиттеринде Түркия Орусия-Украина согушун токтотууга аракет кылды.

 2023-жылы Түркия Республикасынын 100 жылдыгы белгиленди. Бул маараке Евразия өлкөлөрүндө да белгиленди. Ата мекендик TOGG авто унаасы Түркия тарабынан Евразия өлкөлөрүнүн айрым лидерлерине белекке берилди. Май айында кайрадан президент болуп шайланган Режеп Таййип Эрдоганды Евразия өлкөлөрүнүн бардык лидерлери куттукташты.

Окуялардан көрүнүп тургандай, Түркия 2023-жылы Евразия аймагындагы өлкөлөр менен карым-катнаштарын жогорку деңгээлде улантты. Өз ара жогорку деңгээлдеги иш сапарлар жасалды. Бардык тармактарда, өзгөчө экономика, транспорт жана коргонуу тармагындагы кызматташууда өсүү байкалды.

Программаны эфирге даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар