2023-жыл Түрк республикалары үчүн кандай өттү?

Евразия күндеми-2

2087525
2023-жыл Түрк республикалары үчүн кандай өттү?

Түркия үнү радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда 2023-жылдын Түрк республикалары үчүн кандай өткөнү тууралуу кеп салабыз.

2023-жыл түрк дүйнөсүнүн биримдиги үчүн жемиштүү жылдардан болду. Эми муну тастыктаган окуяларга кезеги менен көз чаптыралы.

Түрк республикаларынын адис жана уюмдар ортосунда кызматташтыгын өркүндөтө турган биримдиктер 2023-жылы биринин артынан бири түзүлдү. Маселен, 6-мартта Анкарада ТҮРКСОЙ Жазуучулар биримдиги, 15-мартта Алматыда Түрк дүйнөсү искусство университеттери биримдиги, 29-июлда Шушада Түрк мамлекеттеринин профсоюздар уюму, 5-октябрда Анкарада Түрк дүйнөсү нотариалдык биримдиги, 26-октябрда Түркстан шаарында Түрк мамлекеттеринин Баалоо кеңсеси Эксперттик ассоциациялар кеңеши, 6-ноябрда Стамбулда Түрк маалымат агенттиктеринин биримдиги, 10-ноябрда Самаркандда Түрк дүйнөсүнүн археологиялык изилдөө институттары жана борборлорунун биримдиги (ARICA), 10-декабрда Шушада Түрк дүйнөсүнүн маданий борборлору биримдиги, 25-декабрда Ташкентте Түрк дүйнөсү кино-режиссерлор биримдиги (TÜRKFİLM) түзүлдү. Түрк республикалары ортосунда институттук биримдиктердин түзүлүшү карым-катнаш жана интеграциянын өнүгүп жатканынын ачык көрсөткүчү болуп саналат.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар 2023-жылы Азербайжанда жана Кыргызстанда иш сапары менен болду. Бул иш сапарлар Түрк Мамлекеттер Уюмуна байкоочу мүчө болгон Түндүк Кипр Түрк Республикасынын толук кандуу таанылышы үчүн чоң мааниге ээ.

2023-жылы Түрк дүйнөсүнүн келечеги үчүн маанилүү болгон дагы бир саамалык өттү. 2023-жылдын 13-14-октябрында Шуша шаарында болуп өткөн ТҮРКСОЙдун 40-жыйынында Нобель сыйлыгынын лауреаты, илимпоз профессор доктор Азиз Санжарга “Түрк дүйнөсүнүн маданият элчиси” наамы ыйгарылды.

2023-жылдын 3-ноябрында Астанада болуп өткөн Түрк Мамлекеттер Уюмунун 10-саммити “Түрк доору” идеалынын негизинде өттү. ТүркПА, ТҮРКСОЙ, Эл аралык Түрк академиясы, Түрк маданияты жана мурасы фонду, Түрк инвестициялык фонду жылдык жолугушууларын жана иш-чараларын жемиштүү улантууда.

“Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” иш-чаралары жыл сайын үзгүлтүксүз өткөрүлө баштады. 2023-жылы Азербайжандын Шуша шаары “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” болду. 2024-жылы Түркмөнстандын Анев шаары “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” катары кызмат кылат. Эскерте кетсек, буга чейин Астана (2012), Эскишехир (2013), Казань (2014), Мерв (2015), Шеки (2016), Түркстан (2017), Кастамону (2018), Ош (2019), Хива (2020) жана Бурса (2022) шаарлары бул наамга татыктуу деп табылган. Программабыздын башында белгилегендей, Түрк дүйнөсүнүн маданий борборлорунун бирикмеси 2023-жылы түзүлдү.

2023-жылы Азербайжандын Шамахы шаары “Түрк дүйнөсүнүн туризм борбору” болду. 2024-жылы Казакстандын Түркстан шаары “Түрк дүйнөсүнүн туризм борбору” иш-чараларына эгедерлик кылат.

Беш же он жылда бир жолу жарыялана турган “Түрк дүйнөсүнүн илим борбору” долбоорун ишке ашыруу Түрк республикаларынын келечеги жана өнүгүүсү үчүн өтө зарыл болуп саналат.

Программаны эфирге даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар