Вандын саватталган күмүш жасалгалары

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-2

2085666
Вандын саватталган күмүш жасалгалары

Вандын саватталган күмүш жасалгалары

Катталган күнү: 23.11.2017

Түркиянын Чыгыш Анадолу аймагында жайгашкан жана тарыхый Урарту цивилизациясынын борбору болгон Ван шаары, көлү, кефал балыгы жана эртең мененки тамагы сыяктуу кол өнөрчүлүгүнөн жасалган буюмдары менен да татыктуу кадыр-баркка ээ. Булардын бири болгон «Саватталган күмүш жасалгалары» Ван Соода жана өнөр жай палатасынын кайрылуусу менен 2017-жылы Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнүн катарына кирген. Сават – коргошун, күмүш, жез жана күкүрт минералдарынын кошулмасынан пайда болгон кара аралашма жана арабча «кара» дегенди билдирген «эсвад» сөзүнөн келип чыккан. Саватты жасоо үчүн алгач 500 грамм жез, 500 грамм коргошун, 125 грамм күмүш жана 1 килограмм күкүрт тигель мешинде болжол менен 750 градус температурада эритилет. Жакшы аралашып, карарып калган бул аралашма темир идишке куюлуп, муздаганга калтырылат. Муздатылган аралашма идиштен чыгарылып, адегенде дөшүнүн үстүндө балка менен урулуп бөлүкчөлөргө бөлүнөт, андан кийин бөлүкчөлөр эритмеде жанчылып, марлиден өтө тургандай майда күкүмгө айланат. Андан соң бул күкүмгө бор минералы кошулуп баткак сымал болот. Алынган аралашма күмүштөн жасалган тамеки салгычтарга, тамеки табактарына, ат ээрлерине, теспелерге жана түрдүү оймо-чиймелерге сүйкөлөт. Бул кол өнөрчүлүк менен алектенгендердин өз ишинин чебери, фантазиясынын кенен болушу чоң мааниге ээ. Тарыхы биздин заманга чейинкиге жеткен сават жогорку караттык күмүшкө жасалганда, сапаттуу күмүш сактаган ак түс менен кара сават сызыктары укмуштуудай көрүнүштү жаратат. Саватталган күмүш жасалгаларынын дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү – күмүштөгү оюм же оймо-чийменин болот учтуу капилляр калемдер менен кооздолушу. Бүгүнкү күндө Вандагы 4 башка цехте жасалган өнүмдөрдүн дээрлик бардыгы экспортко чыгарылууда.



Тектеш кабарлар