Анткени - 1. 2024

Сууну кылдаттык менен колдоном.

2082271
Анткени  - 1. 2024

           Урматтуу радио угармандар, ТРТ Түркия үнү радиосунда жаңы программа менен назарыңыздардабыз. Бир жыл боюнча сиздер менен күнүмдүк турмушубуз тууралуу, айрым учурларда бат  - бат кайталангандыктан мааниси унутулган, кээде көп маани берилбеген, унутулган жүрүм  - турумдар тууралуу маектешебиз.  Айрым жүрүм  - турумдардын эмнеден жасалышы керектиги,  айрымдарынан эмне себептен алыс болуу керек экендигин ортого салууга аракет кылабыз. Кээде да көз алдыбызда болуп жатса да көп маани берилбеген темалардын себептерине токтолобуз. Ошондуктан түрк тилинде эмне себептен  -  жыйынтык байланышын билдирген «Анткени» деген сөздү программабыздын темасы кылып тандап алдык. Бүгүн  жашоо булагыбыз болгон сууну эмне себептен кылдаттык менен колдонуубуз керектигине токтолобуз.

Суу жашообузда абдан чоң орунду ээлейт. Денебиздин 60 пайызы, дүйнөнүн 70 пайызга жакыны суудан турат. Ушул күнгө чейинки илимий эмгектер суунун бир гана планетабызда суюктук абалында экендигин ортого салууда. Ошол эле эмгектер жандуулуктун бир гана биздин дүйнөбүзгө таандык экендигин көрсөтүүдө. Бул эки маалымат суунун жашоо менен болгон байланышын түшүнүүбүз үчүн жетерлик болот.  

Дүйнөнүн төрттөн бир бөлүгү суудан турса да мунун экиден бир бөлүгү гана тузсуз суу.  Калган туздуу суу планетабыздагы турмуш үчүн маанисин сактаса да адамдын жашап калуусу бул чектүү тузсуз сууга байланыштуу. Күндө 2 литрге жакын суу ичпестен ден соолукта жашоонун мүмкүн эмес экендигин билебиз. Айрыкча дене жана экологиялык тазалык үчүн маанисин жакынкы учурда Ковид  - 19  эпидемиясы менен дагы бир жолу түшүндүк.  

Заманбап дүйнөдө өзгөчө шаар турмушунда сууга жетүү абдан оңой. Балким ушундан болсо керек колубуздагынын баркы  -  баасын билбейбиз. Кранды ачканыбызда тазаланган, тазалык үчүн ылайык, ал түгүл  айрым шаарларда ичүүгө боло турган суунун бар экендигин ойлойбуз. Бирок глобалдык климаттык алмашуу себеп болгон кургакчылык жана плансыз өнөр жайлашуу алып келген суунун булганышы терс таасирин көрсөтө баштады. БУУму дүйнөдө ар бир үч кишинин биринин коопсуз ичүүгө бол турган сууга жете албагандыгын жана учурдагы шарттар улантыла турган болсо  2050 – жылы 6 миллиардга жакын кишинин жылда кеминде 1 ай суу чектүү болгон жерлерде жашай тургандыгын  жарыялады.

Бул кыска убакыттын ичинде  негизгилерин гана айтып өткөн факторлор «Сууну кылдаттык менен колдономун анткени» деп башталган узун бир тизме түзүүбүзгө шарт түзөт. 



Тектеш кабарлар