Түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-69

2079377
Түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 10-декабрь күнү Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев иш сапары менен Сербияга барды. Президент Алиев Ниш шаарында Сербия-Болгария жаратылыш газын туташтыруучу борборунун ачылышына катышты. Иш сапарынын алкагында Илхам Алиев Сербиянын президенти Александр Вучич жана Болгариянын президенти Румен Радев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

11-декабрь күнү Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын (COP29) тараптарынын 29-конференциясы келерки жылы Азербайжанда өтөөрү расмий түрдө жарыяланды. Бул чечим Азербайжандын эл аралык аренада таасирдүү жана экологиялык маселелерге аяр мамиле жасаган мамлекет экендигин дагы бир жолу далилдеди.

11-декабрь күнү Грузия Парламентинин спикери Шалва Папуашвили расмий иш сапары менен Азербайжанга барды. Грузия парламентинин спикери Азербайжандын Президенти Илхам Алиев менен жолугушту.

12-декабрь күнү Ташкентте Түрк Мамлекеттер Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Бажы мекемелеринин жетекчилеринин 9-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Грузиянын Бажы кызматынын башчысы атайын конок катары катышты. Жыйында уюмга мүчө мамлекеттердин ортосунда жөнөкөйлөштүрүлгөн бажы коридорун түзүүнүн техникалык маселелери талкууланды. Мындан тышкары Түркмөнстан, Казакстан жана Азербайжан Румыниянын Констанца порту аркылуу эл аралык жүктөрдү ташуу боюнча биргелешип иш алып барып жатышканын билдиришти.

14-декабрь күнү Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Хакан Фидан Азербайжанга расмий иш сапары менен барды. Министр Фидан кесиптеши Жейхун Байрамов менен жолугушуп, Азербайжан Республикасынын президенти Илхам Алиев тарабынан кабыл алынды. Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.

Жыл жыйынтыгын баалоо максатында уюштурулган жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берген Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Түркияга 2024-жылдын башында келиши ыктымал экендигин билдирди.

15-декабрь күнү Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев Бириккен Араб Эмирликтеринин инвестиция министри Мохаммед Хасан Аль Сувейди кабыл алды. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы инвестициялык маселелер талкууланды. Жолугушуунун соңунда Азербайжан менен Бириккен Араб Эмирликтеринин ортосунда 4 келишимге кол коюлду.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Украинанын Евробиримдикке кошулуу процессин баштоосуна каршы чыкты. Венгрия Европа Биримдиги Украинага бөлгөн 50 миллиард евролук каржылык жардам пакетине да вето койду.

 ТҮРКСОЙдун негизделгенинин 30 жылдыгы Түрк республикаларында жыл бою түрдүү иш-чаралар менен белгиленди. Акыркы майрамдык иш-чаралар 12-13-декабрь күндөрү Анкарада болуп өттү. Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору наамы Шушадан Түркмөнстандын Анев шаарына өттү.

Түркмөнстанда 12-декабрда бейтараптык күнү белгиленди. Бейтараптык күнүнө карата түрдүү иш-чаралар өткөрүлдү. Ашхабадда «Диалог, тынчтыктын кепилдиги» аттуу эл аралык форум өттү.

12-декабрь күнү дүйнөгө белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү Түрк республикаларында түрдүү иш-чаралар менен белгиленди. 13-декабрда Анкарада Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин эгедерлигинде 5- Чыңгыз Айтматов Эл аралык Ысык-Көл форуму ачылды. Форумдун жабылышы жай мезгилинде Азербайжанда болот.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар