Решит Рахмети Араттын кыргыз таанууга кошкон салымы

Кыргыз таануу-34

2077561
Решит Рахмети Араттын кыргыз таанууга кошкон салымы

Ардактуу окурмандар! «Кыргыз таануу» программасынын бүгүнкү уктуруусунда белгилүү илимпоз Решит Рахмети Араттын кыргыз таанууга кошкон салымы тууралуу кеп салабыз.

Профессор доктор (Абды) Решит Рахмети Арат (Габдерашид Рахматуллин) 1900-жылы Казан шаарына жакын жайгашкан Эски Үжүм айылында жарык дүйнөгө келген. Арат Казахстандын Кызылжар шаарындагы жадид мектебинде билим алган. Ал Орусиядагы жарандык согуш жылдарында Манжурияда жаракат алган. Арат 1922-жылы билимин улантканы Германияга барып, 1927-жылы Берлин университетин аяктаган. Ал Берлин университетинде жана Пруссия илимдер академиясында эмгектенген. Арат 1933-жылдан тартып Стамбул университетинде иштей баштаган. Арат 1949-1951-жылдары Лондон университетинде сабак берген. 1958-жылы ага ардактуу профессор (ordinaryüs profesör) наамы ыйгарылган. Арат 1964-жылы Стамбулда каза болгон. Ал өздүк китепканасын Анкарада жайгашкан Түрк маданиятын изилдөө институнуна белек кылган.

Решит Рахмети Араттын кыргыз таанууга кошкон эң ири салымы Жусуп Баласагындын “Кут алчу билим” эмгегин илим дүйнөсүнө таанытканы болуп саналат. Арат “Кут алчу билимдин” Египет, Герат жана Фергана нускаларын салыштырып, Баласагындын эмгегинин түп нускасын 1947-жылы жарыялаган. Ал бул эмгекти түрк тилине которуп, 1959-жылы жарыялаган. “Кут алчу билимдин” Арат которгон версиясы Түркияда бир канча жолу кайрадан басылган. Китептин индекси Арат каза болгондон кийин Стамбул университетиндеги кесиптештери тарабынан 1979-жылы басылган. Арат “Кут алчу билимдин” сөздүгүн даярдоого киришип, А жана Б тамгалары менен баштаган сөздөрдү даярдаган. Бирок анын өмүрү китептин сөздүгүн даярдоого жеткен эмес. Азыркы күнгө чейин Түркиянын өзүндө эле “Кут алчу билим” эмгеги боюнча жүзгө жакын магистрдик жана доктордук диссертация жакталган.

Орто кылымда жазылган түрк калктарынын орток мурасы катары кабыл алынган Махмуд Йугнакинин “Атабетүл-хакайык” аттуу эмгегин да Арат 1951-жылы түшүндүрмөлөрү менен кошо жарыялаган.

Арат 1943-1946-жылдары “Бабурнаама” эмгегин түрк тилинде эки том кылып жарыялаган. “Бабурнаамада” Ош шаары, Фергана өрөөнү боюнча жакшы маалыматтар камтылган.

Түркияда даярдалган Ислам энциклопедиясынын редакторлорунан бири болгон Решид Рахмети Арат, бул энциклопедиядагы “Кыргызстан” макаласынын автору болгон. 1954-жылы жарык көргөн бул макала Түркияда Кыргызстан боюнча жарыяланган алгачкы энциклопедиялык макала десек болот. Араттын “Кыргызстан” макаласы Түркияда 1964, 1967, 1988 жана 1997-жылдары кайрадан жарыяланган. Түрк окурмандары көптөгөн жылдар бойу Кыргызстанды Араттын макаласы аркылуу таанышкан.

Программаны даярдагандар; Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова

Колдонулган адабияттар:

Arat, R. Rahmeti, “Drevnetureckie nadgrobija s nadpisjami bassejna v. Talas”, (S. Malov), Ungarische Jahrbücher, X, 4, Berlin, 1930.

Arat, R. Rahmeti, “İz tretej rukopisi Kutadgu Bilig (S. Malov), Ungarische Jahrbücher, X, 4, Berlin, 1930.

Arat, R. Rahmeti, “Kırgızistan”, İslam Ansiklopedisi, c. VI, Eskişehir: MEB Yay., 1997, ss. 735- 741.

Arat, R. Rahmeti, “Kırgızistan”, İslam Ansiklopedisi, c. VI, İstanbul: MEB Yay., 1954, 1964, 1967, 1988, ss. 735- 741.

Arat, R. Rahmeti, “Kutadgu Bilig’de tabipler ve efsunlar ile münasebet hakkında”, Ülkü, VIII, 46, 1936, s. 285-294+4.

Arat, R. Rahmeti, “Kutadgu Bilig”, İslam Ansiklopedisi, VI, 1955, s. 1038-1040; VII, 1955, s. 1041-1047.

Arat, R. Rahmeti, “Mitteltürkischer Wortschatz nach al-Kaşgaris Divan Lugat at-Türk”, (C. Brockelmann), Ungarische Jahrbücher, X, 4, Berlin, 1930, pp. 448-450.

Arat, R. Rahmeti, “Qutadgu Bilig”, Ungarische Jahrbücher, I, 1-2, Berlin, 1926, pp. 154-158.

Arat, R. Rahmeti, “Türklerin Yaşadıkları Yerler ve Sayıları”, Türk Kültürü, Sayı: 5, Mart, Ankara, 1963, ss. 6- 11.

Arat, R. Rahmeti, Atabetü’l-hakayık, (Edib Ahmed b. Mahmud Yükneki), TDK Yay., İstanbul, 1951.

Arat, R. Rahmeti, Babur, Vekayi-Türcüme-I, II, TTK, Ankara, 1943-1946.

Arat, R. Rahmeti, Kutadgu Bilig, (Yusuf Has Hacib), TDK Yay., İstanbul, 1947.

Arat, R. Rahmeti, Kutadgu Bilig, (Yusuf Has Hacib), TTK Yay., Ankara, 1959.

 

 

 



Тектеш кабарлар