Евразия мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-68

2076780
Евразия мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Евразия мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 3-5-декабрь күндөрү Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар Кыргыз Республикасында алгачкы расмий иш сапары менен болду. Президент Татар Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен жолугушту. Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында «Ата Бейит» мемориалдык комплексине, Кыргыз-Түрк «Манас» университетине жана Кыргыз-Түрк достук ооруканасына барды. Кыргыз-Түрк «Манас» университети Эрсин Татарга “Ардактуу профессор” наамын ыйгарды. Түрк Мамлекеттер Уюмуна (ТМУ) байкоочу катары кирген Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президентинин Азербайжандан кийин Кыргызстанга барганы маанилүү болуп эсептелет.

Беларусь президенти Александр Лукашенко 4-декабрь күнү Кытай Эл Республикасына иш сапары менен барды. Пекинде Александр Лукашенко Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.

6-декабрь күнү Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Су-35 согуштук учактарынын коштоосунда Бириккен Араб Эмирликтерине жана Сауд Арабияга иш сапары менен барды. Ошентип Путин Орусия-Украина согушу башталган күндөн бери Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдөн тышкары Кытай жана Ирандан кийин Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө барды. Путиндин араб өлкөлөрүнө болгон иш сапарында негизинен экономикалык кызматташуу маселелери талкууланганы маалым болду.

6-декабрь күнү Москвада Каспий деңизине чектеш мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин жыйыны болуп өттү. Жолугушууда аймактык кызматташтык, Түндүк-Түштүк транспорт коридорун эффективдүү пайдалануу, Каспий деңизине тиешелүү маселелер талкууланды. Жыйындын алкагында эки тараптуу жолугушуулар да болду.

Түркиянын Вице-президенти Жевдет Йылмаз 6-декабрь күнү Түркмөнстанга расмий иш сапары менен барды. Жевдет Йылмаз Түркмөнстан Республикасынын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушуп, Түркмөнстан-Түркия өкмөттөр аралык экономикалык комиссиясынын 7-жыйынына катышты. Иш сапардын алкагында Түркиянын Вице-президенти Йылмаздын катышуусунда Түркмөнстан-Түркия бизнес форуму болду.

7-декабрь күнү Бишкекте Түрк Мамлекеттер Уюмунун Маалымат жана коммуникация технологиялары боюнча жооптуу министрлеринин 5-жыйыны болуп өттү. Жыйында «Санариптик Жибек жолу» долбоору, электрондук өкмөт демилгелерин өнүктүрүү, электрондук документ алмашуу сыяктуу маселелер талкууланды. Жыйындын соңунда министрлер биргелешкен декларацияга кол коюшту.

7-декабрда Москвада Владимир Путин менен Ибрагим Раисинин жолугушуусу болду. Беш сааттан ашык убакытка созулган жолугушуунун соңунда Орусия-Иран мамилелеринин бардык тармактары активдүү өнүгүп жатканы билдирилди.

Өткөн аптада Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2024-жылдын 7-февралында, ал эми Орусия Федерациясында болсо президенттик шайлоо 2024-жылдын 17-мартында болоору белгилүү болду. 8-декабрь күнү Владимир Путин президенттик шайлоого талапкер болорун билдирди. 17-мартта боло турган шайлоодо Путин жеңишке жетишсе, 5-ирет президент кызматын аркаламакчы.

7-декабрь күнү Азербайжандын президенттик администрациясы жана Армениянын премьер-министрлиги биргелешкен билдирүү жасап, эки тараптуу жолугушуулардын жыйынтыгында Азербайжан менен Армениянын ортосундагы ишенимди бекемдөө үчүн маанилүү кадамдарды таштоо боюнча макулдашууга жетишилгенин жарыялашты. Бул билдирүүнү Экинчи Карабах согушунан бери Түштүк Кавказда тынчтык орнотуу үчүн ташталган эң маанилүү кадам катары кароого болот.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар