2024 – жыл татаал жыл болот

СЕТАнын Коопсуздук изилдөөлөр боюнча  дирекору профессор доктор  Мурат Йешилташтын бул туралуу баа берүүсү.

2076802
2024 – жыл татаал жыл болот

  2023 -  жылы болгондор 2024 -  жылдагы ыктымалдуу геосаясий жана стратегиялык сценарийлерди мүмкүн болушунча түрдөнттү. 4 миллиарддан ашуун калк 2024 -  жылы  шайлоодо добуш берет. АКШ, Россия, Британия, Индия, Тайвань, Бангаладеш сыяктуу өлкөлөр орчундуу шайлоо катары  алдыга чыгууда. Украина, Газа, Тайван маселеси, Ирандын өзөктүк программасы, Жакынкы Чыгышта  Израиль -  Араб кагылышуусунун ыктымалдардын арасында экендиги, энергетика бааларындагы белгисиздиктер жана климаттык алмашууга байланыштуу күтүлбөгөн  абалдар эл аралык саясатты тереңден таасирленте турган абалдарга түркү болушу мүмкүн. Акыркы 24 айдын ичинде  78 кагылышуу жана толугу менен жаңыдан башталган же бар болгон жана тоңдурулган кагылышуулар кайрадан кагылышуу фазасына өттү. Бул кырдаал эл аралык системанын конфликттик мүнөзүнүн ачык-айкын элементтеринин бири.

СЕТАнын Коопсуздук изилдөөлөр боюнча  дирекору профессор доктор  Мурат Йешилташтын бул туралуу баа берүүсү.

Системадагы өзгөрүү жана трансформация  белгисиз бойдон калууда жана бул учурда АКШнын позициясы абдан маанилүү. АКШнын глобалдык позициясына олуттуу каршы чыгуу бар. Азырынча аскердик жактан Кытай АКШны  тең салмактай албаса да жакынкы келечекте айрым секторлордо тең салмактоо ыктымалынын бар экендиги ачык. Бул абал Кытайга глобалдык өлчөмдө бир күч болбойт бирок  өз аймагында АКШны тең салмактай алат, аны  артка түртө алат же артка чегинүүсүнө шарт түзө ала турган аскердик позиция катары алдыбызга чыгууда. Экинчиден, айрыкча 7 - октябрдан кийин АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик позициясына кол салууга олуттуу тенденция катары ортого чыгууда. Бул Америка Кошмо Штаттарынын аскердик катышуусун тобокелге салган жагдай катары пайда болот. Экономикалык жактан АКШ эң ири экономикалардын бири. Бирок  глобалдык өлчөмдүү экономикалык абал Индия баш болгон бир топ аймактык жана орточо өлчөмдүү күчтүн АКШнын экономикалык гегомониясына олуттуу каршы чыгуу экендигин көрсөтүүдө. Дипломатиялык жактан  АКШнын моралдык артыкчылыгы жоголгондой көрүнүүдө.  Айрыкча Газа согушунан кийин Американын дипломатиялык  ишенимдүүлүгүн жоготкондой. Байден администрациясынын эрежелерге негизделген эл аралык тартипти түзүү максаты ишке ашпай калды жана андан да маанилүүсү, ал башка актерлордун эрежесиз  жүрүм-турумуна негиз түздү.

Башка бир системалуу маселе болсо Россиянын Украинада уланып жаткан оккупациясы. Россиянын Украинадагы геосаясий максаттарында бир өзгөрүү жок. Россия Украинаны Кара деңизге жабык бир мамлекетке айландырууга аракет кылууда. Финляндиянын НАТО мүчөлүгү жана Швециянын ыктымалдуу НАТО мүчөлүгүнөн кийин Россиянын бул максаты абдан орчундуу абалга келди. Бирок Путиндин азырынча жана ыктымалдуу түрдө  2024 -  жылы бул максатына жетиши мүмкүн эместей. Ошондуктан Украина согушунда өзгөрбөгөн бир согуш талаасы пайда болду. Башкача айтканда, согуш талаасында географиялык жайгашуу менен аскердик операциялык интенсивдүүлүктүн ортосунда олуттуу ажырым пайда болду. Операциянын интенсивдүүлүгү өтө жогору болгону менен географиялык деңгээлде, башкача айтканда, талаада кеңейүү же жылыш жок. Бул Россия - Украина согушундагы туруктуу абал эмес. Ошондуктан Украина тууралуу Россия менен Украинанын ортосундагы кагылышуу динамикалары азыр да уланууда. Башка бир  маселе батыштын Украинага карата колдоосу. Батыш маанилүү көлөмдө аскердик жардам берүү менен бирге бул аскердик жардам азыркы учурда талаада оюнду өзгөртүүчү ролду ойнобой жатат. Албетте Украинанын коргонуусун бекемдеди бирок Украинага Россияга каршы жеңишке жетише ала турган стратегиялык үстөмдүктү бере алган жок. Дипломатиялык фронтто азырынча алдыга жылуу жок. Бул алдыга жылуунун жакынкы келечекте ишке ашышы да мүмкүн эместей. Учурдагы кырдаал Украинага тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө жол бербейт. Анткени Украинанын тынчтык планы мурдагыдай эле орус аскерлерин Украина аймагынан толук чыгарып кетүүнү күтүп жатат. Ушул себептен  Украинадагы азыркы кырдаалдын 2024 - жылы да ушундай эле уланат деп айтсак болот, бирок АКШдагы президенттик шайлоо Украинадагы процесс үчүн маанилүү окуя болушу мүмкүн.Ошондой эле шайлоо Россияда да болот, бирок бул шайлоодо Путиндин президенттигинин улана тургандыгын айта алабыз. Россия  - Европа мамилелеринде жаңы тенденция болушу мүмкүн. Эгер Трамп шайлоодо жеңип чыкса, Европанын Украинага карата автономдуу аракет кылуу мүмкүнчүлүгү күчөшү мүмкүн.

Эл аралык саясат күтүүлөрдөн айырмаланып конкуренция жана чыр  - чатак чыгышы мүмкүн.



Тектеш кабарлар