Евразия мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-66

2070538
Евразия мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Евразия мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрь күнү Ирактын Президенти Абдул Латиф Гамал Рашид расмий иш сапары менен Азербайжанга барды. Азербайжандын Президенти Илхам Алиев ирактык кесиптеши менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда эки өлкөнүн ортосунда 4 келишимге кол коюлду.

21-ноябрь күнү Тажикстандын президенти Эмомали Рахман Орусия Федерациясына расмий иш сапары менен барды. Кремлде өткөн Владимир Путин-Эмамали Рахман жолугушуусунан кийин эки өлкөнүн ортосунда 8 келишимге кол коюлду. Кол коюлган келишимге ылайык, Орусия Тажикстанга 8 даана С-300 абадан коргонуу системасын берди.

21-ноябрь күнү Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев Улуу Британиянын мамлекеттик министри Нусрат Ганини кабыл алды. Жолугушууда Казакстан-Улуу Британия мамилелеринин азыркы абалы боюнча канааттануу билдирилди. Соода жана экономика тармактарын караган министр Гани, Казакстанда 550 британиялык компания иштеп жатканын билдирди.

21-ноябрь күнү Баку шаарында Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгына карата “ТүркПА: Өтмүштүн тажрыйбасы, бүгүнкү күндүн реалдуулуктары жана келечек пландар” аттуу эл аралык конференция болуп өттү. Конференцияга ТүркПАга мүчө өлкөлөрдүн эл өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардын башкы катчылары катышты.

22-ноябрь күнү Бакуда Ислам кызматташтык уюмунун Иш борборунун негизги жыйыны болуп өттү. Жыйынга уюмга мүчө өлкөлөрдөн тиешелүү 20 министр катышты.

23- ноябрь күнү Минск шаарында Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун саммити болуп өттү. Саммитке Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия Федерациясы жана Тажикстандын президенттери катышты. Тар жана кеңейтилген курамда өткөн жолугушуулардын жыйынтыгында 15 келишимге кол коюлду. Жыйында кол коюлган эң маанилүү келишим катары уюмдун кризистерге тез чара көрүүсүн шарттаган келишимди атаса болот. Жыйынга катышпаган Армениянын премьер-министри Никол Пашинян ошол күнү Орусияга курал-жарак сатып алуу үчүн акча төлөшкөнүн, бирок сөз болгон куралды алигиче ала алышпаганын жарыялады.

24-ноябрда Бакуда Бириккен Улуттар Уюмунун Борбор Азиянын экономикасы үчүн атайын программасынын (SPECA) саммити өттү. Саммитке Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын президенттери, Грузия менен Венгриянын өкмөт башчылары, Бириккен Улуттар Уюму баштаган эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Саммиттин алкагында эки тараптуу жолугушуулар да болду. Саммиттин алкагында Бакуда аты аталган программага кирген өлкөлөрдүн катышуусу менен жарманке өттү. Бириккен Улуттар Уюмунун Борбор Азиянын экономикасы үчүн атайын программасы 1998-жылы түзүлгөн.

 22-ноябрда Бишкекте Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) диаспора иштери боюнча жооптуу министрлеринин жана мекеме жетекчилеринин 5-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Казакстан, Кыргызстан, Венгрия, Өзбекстан жана Түркиядан миграция жана диаспора иштери боюнча жооптуу министрлер жана жетекчилер катышты.

25-ноябрь күнү Ташкентте Түрк Мамлекеттер Уюмунун дин иштери жана диний башкармалыктарынын башчыларынын 4-жыйыны болуп өттү. Жыйынга уюмга мүчө өлкөлөрдүн дин иштери боюнча башчылары жана орун басарлары катышты. Жолугушуунун соңунда Түркия менен Өзбекстандын Дин иштери боюнча башкармалыктарынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар