Глобалдык абийир кыймылы Израилди айыптады

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

2068619
Глобалдык абийир кыймылы Израилди айыптады

 7 -  октябрдан бери бир нече жума өттү. Бирок Израиль аесуз түрдө Газага карата кол салууларын улантууда. Блокада астындагы 350 чарчы километрдик аянтта  эки жарым миллион адам бар. Абадан жана кургактыктан уланып жаткан кол салууларда ушул кезге чейин 13 миңден ашуун палестиналык каза болду. Булардын көпчүлүк бөлүгү аялдар жана балдардан турат. Дүйнөнүн көз алдында кыргын болуп жатса да батыштык өлкөлөрдөгү бийликтер  Израилге колдоо берүүнү улантууда. Бирок глобалдык бир абийир кыймылынын күчөп баратканын жана карапайым калктын Израилге жана жасаган кылмыштарына абдан кыжырданганын да көрүүгө болот.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.  

Израилдин Газага карата кол салуулары улантылууда. Көптөгөн жылдар блокада астында болгон шаар  7 -  октябрдан кийин абадан кол салуулар менен бутага алына баштап, Израиль армиясы кургактыктан да алдыга жылып Газаны түндүк жана түштүк  деп эки секторго бөлдү. Түндүк секторунда кургактыктан  кол салууларын күчөткөн Израиль бул жердеги каршылык көрсөтүү түзүмдөрүн жок кылууга аракет кылууда бирок ушул кезге чейин аскердик жактан ийгиликке жетише алган жок. Хамаска караштуу Кассам жана башка түзүмдөр болгон аймактарда  Израиль армиясына каршы ассиметриялык  күч элементтери катары олуттуу аскердик каршылык көрсөтүүдө. Израиль көп санда танк жана брондолгон унааларын жоготту. Дагы көптөгөн Израиль аскерлери кагылышууларда каза болду,  Израилге карай ракеталык атуу азайса да уланууда.

Израилдин аракет планы жана стратегиясына байланыштуу эки ача пикир уланууда. Түндүктө каалаганын алары менен түштүккө карай бет алары тууралуу белгилер да бар бирок муну ишке ашыра алабы деген суроо бар. Эл  аралык коомчулуктун бийликтеринен көз карандысыз дүйнөлүк абийир кыймылы башталды. Батыштан чыгышка, түндүктөн түштүккө бүткүл дүйнөдө  адамдар Израилдин ачык түрдө дүйнөнүн көз алдында бир кыргын кылганына кыжырданууда. Бул абал акырында батыштагы бийликтерге да таасирин тийгизип, алардын саясатына чагылат.

Израиль Газада өз атына аскердик жактан ийгиликтүү болот же болбойт, бирок мунун тышында орто жана узун мөөнөттө эң чоң жоготууга учурайт. Глобалдык абийирди жаралаган бул кыймылдары,  кыргын аракеттери жөнөкөй адамдын абийиринде айыпталууда. 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар