Буларды билесиздерби?

Ататүрктүн өлүм кабарынын бүткүл дүйнөдө жаңыргандыгын билесиздерби?

2061625
Буларды билесиздерби?

Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн 1938 -  жылы  10 -  ноябрда дүйнөдөн кайтышы Түркияда эле эмес, бүткүл дүйнөдө чоң кайгы жаратты.  Бул кабар менен көптөгөн өлкөдө желектер жарымга түшүрүлүп, бир айлык улуттук аза күтүү жарыяланып,  айрым өлкөлөрдө мектептер жабылган. Душман катары Түркияга каршы  өлкөлөр да Ататүрктүн өлүмүнө кайгырышты.

Мустафа Кемал Түркия Республикасынын тышкы саясатын улуттук эгемендик жана өлкөдө тынчтык, дүйнөдө тынчтык принциптеринин негизинде түзүп, башка өлкөлөр менен достук карым  - катнашын өнүктүрүүнү максат кылган. Республиканын жарыяланышынан кийин анын өлүмүнө чейин өткөн убакыттын ичинде бир топ мамлекеттик кызматкер Түркияга сапар менен келди. Жеке өзүн тааныбаган өлкөлөр да анын жол башчылыгында Түркиянын өнүгүшүн билип жана колдоп жатышкан. Ошондуктан анын өлүм кабары бүткүл дүйнөдө, гезиттердин биринчи беттеринен жарыяланды, мамлекеттин жогорку мартабалуу башкаруучулары менен интеллигенттер Ататүрктүн өлүмү тууралуу басма сөзгө интервью беришти.

1928 -  жылы Түркияга келип Ататүрк менен жолугушкан Афганистандын королу Амануллах Хан : «Ататүрк бир гана Түркиянын эле эмес, чыгыштын да атасы эле»,- деген.

Экинчи Дүйнөлүк согушу жаңыдан башталган мезгилде немис тарыхчы профессор Херберт Мелзиг : «Кыйынчылык тарткан дүйнөдө тынчтыкты жана бейпилдикти калыбына келтирүүнү жана адамзаттын материалдык гана эмес, руханий жактан да өнүгүүсүн камсыз кылууну каалагандар Ататүрктүн туура жол көрсөтүүчү багытынан үлгү жана күч - кубат алуусу керек»,- деген.

Түрк Боштондук согушунун ийгиликтүү болоруна ишенген грек генералы Метаксас да  1937 -  жылы Анкарага келип : «Түрк улутунун даңктуу лидери, ар дайым суктанам»,- деп мүнөздөгөн Мустафа Кемал Ататүрк менен жолугушкан. Ататүрк дүйнөдөн кайтканда : «Ал бир гана түрк тарыхынын эле улуу инсаны эмес, ошол эле учурда тынчтыктын улуу жол башчысы. Анын жаңы Түркияны жараткан чыгармасы, кылымдар бою сакталып кала турган эстелик болот»,- деген.

Британиянын Times гезити болсо Ататүрк тууралуу : «Падышалардын көркөмдүүлүгүн, халифаттын жагымдуулугуна маани бербестен көз карашын армияларынын негизин түзгөн Анадолу дыйкандарына бурду»,- деп билдирген.

Иранда болсо Тегеран гезити анын өлүм кабарын : «Ататүрк сыяктуу генийлер бир гана көрүнүштө каза болушу мүмкүн. Бирок  жасаган иштери дайыма жашайт»,- деп билдирген.



Тектеш кабарлар