Түркиянын дипломатиялык аракеттери  Израилди токтото алабы?

СЕТАнын  коопсузук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу, профессор доктор Мурат Йешилташтын  бул тууралуу баа берүүсү.

2053835
Түркиянын дипломатиялык аракеттери  Израилди токтото алабы?

   Израилдин Газага карата кол салуусунда  13 -  күнүн аяктап жатып, согуштун гуманитардык жагындагы кризис барган сайын күчөп бара жатат. Израилге каршы чабуулун АКШ жана башка батыш өлкөлөрүнүн бир топ бөлүгүнүн ачык колдоосу Израилдин аракеттеринде чексиз өзгөчө абалды жаратты. Жамааттык жазаландыруу методун  согуштук стратегия  катары жактырган Израиль жана буга колдоо көрсөткөн АКШ аймактык туруктуулукту жана глобалдык коопсуздукту жаңы тарыхый бир кризиске жетелеп баратат. Жакынкы Чыгышта болсо саясий атмосфера барган сайын өзгөрүүдө. Аймак өлкөлөрү азырынча согушту токтото турган  кадам таштай элек.

Бир топ өлкө риторикалык деңгээлден практикалык деңгээлге өтүү позициясын ээлей алган жок. Түркия болсо Израилдин Газадагы агрессиясына каршы тең салмактуу аймактык дипломатия жүргүзүүдө. Бул жагынан алганда, Анкара согушту токтотуу жана кризистин кеңейишине жол бербөө боюнча эң активдүү өлкөлөрдүн бири. Реалдуу негизде иш алып барган Түркия аймактык диалогду активдүү колдонууну жана гумандуу мамилени биринчи орунга койгон саясатты жүргүзүүдө.

СЕТАнын  коопсузук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу, профессор доктор Мурат Йешилташтын  бул тууралуу баа берүүсү.  

Президент Эрдоган 7 -  октябрь  күнү биринчи каршы чыгуусунда  тараптарды ченемдүү мамиле кылууга  жана ойлонбостон мамиле кылуудан алыс болууга  чакырды. Андан кийин Израилдин Газага карата кол салууларын сынга алуу менен чечүүчү жол  бир гана 1967 -  жылдагы чектери менен борбор шаары Чыгыш Кудс  болгон жана жеринин бүтүндүгү түзүлгөн бир Палестина  мамлекетинин курулушу менен мүмкүн болорун жактады. Президент Эрдоган  убактысынын көпчүлүк бөлүгүн  башка өлкөлөрдүн лидерлери менен сүйлөшүүгө бөлүүдө. Ушунун негизинде бул күнгө чейин 18 мамлекеттин президенти менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү ишке ашырды. Ар бир сүйлөшүүсүндө алдыңкылыктын гуманитардык ок атышпоо экендигин жарыялап, гуманитардык коридордун түзүлүшү жана Израилдин эл аралык мыйзамга негизделген кыймыл кылышы керектигин баса белгиледи.

Тышкы иштер министри Хакан Фидан да тыгыз дипломатия жүргүзүүдө. Фидандын максаты аймактык дипломатияны эффективдүү колдонуу менен Израилдин согуш кампаниясын тез арада токтотуу. Ушул алкакта Түркия Египет, Ливан, Сауд Арабия, Иордания, БАЭ, Катар, Пакистан жана Иран менен тыгыз дипломатия аркылуу Израилдин агрессиясын чектөө жана чыныгы ок атышпоону камсыз кылуу аркылуу реалдуу чечим табуу үчүн  аракет кылууда. 

Фидандын сүйлөшүүлөрдө баса белгилеген көрүнүштөрдүн арасында көңүл бурулган тарап Палестина маселесинин чечилишине карата реалдуу жана так тилдин колдонулушу. Палестина  маселеси чечилбестен  Израилдин толук коопсуз боло албай тургандыгын баса белгилеген Фидан Израилдин  басып алуучулук  абалына көңүл бурууда.  Ушул себептен 1967 - жылдагы чек араларга тартылып, жеринин бүтүндүгү камсыздалган, борбор шаары Чыгыш Кудс болгон Палестина мамлекетинин курулушу аймактын эң актуалдуу маселеси экендигин айтты. Бул Түркиянын Палестина – Израиль кагылышуусунда кабыл алган мамлекеттик позициясы жана эл аралык укуктун чечим катары көрсөткөн мамилеси.

Түркиянын  ортомчулук аракеттери болсо дипломатиянын  негизги бөлүгүн түзүүдө. Биринчи  максат Хамас тарабынан барымтага алынган Израиль жана башка мамлекеттин жарандарын бошотуу менен сүйлөшүү үчүн күчтүү негиздин даярдалышы. Түркиянын Хамас менен болгон сүйлөшүү каналдары жана тажрыйбалары бул темада жеңилдетүүчү бир роль ойношуна мүмкүнчүлүк түзүүдө. Башка бир тема болсо Фидан тарабынан билдирилген Түркиянын кепилдик ролун ойноо ыктымалы. Түркия да ичинде орун ала турган бир нече  кепилдик  механизми ок атышпоо жарыялангандан кийин ок атышпоону улантуу  кепилдигин камтууда. Дагы бир жагдай, бул кризистин аймактык нормалдашууну токтотуу коркунучу жана жаңы аймактык коопсуздук кризисинин чыгышына себеп болушу мүмкүн. АКШнын Израилге ачык саясий жана аскердик колдоосу, аскердик күчүн аймактагы өлкөлөрдү токтотуу үчүн аймакка мобилизациялоосу согуштун Газа менен чектелбеши  коркунучун жана  башка актерлорду да ичине тартуу мүмкүнчүлүгүн күчөтүүдө. Мындай бир ыктымал Түркия үчүн жаңы бир аймактык коопсуздук кризиси деген мааниге келүүдө. Ошондуктан Түркия үчүн ок атышпоо жана Израилдин кол салууларынын токтошу дагы кенен өлчөмдө аймактык коопсуздук чөйрөнүн туруксуздашуусуна тоскоол боло турган бир кадам катары көрүнүүдө.

 Акыркы пункт болсо Израилдин Газага кол салууларынын Түркия менен Израилдин ортосунда согуштан мурда күчөгөн нормалдашуу процессинин акыырна чыгуу ыктымалы. Президент Эрдоган бул темада тең салмактуу бир тилди колдонуп жана Түркиянын приоритети кризисти токтотуу болсо да кризис тереңдеген сайын жана  Израилдин зомбулуктары күчөгөн сайын нормалдашуунун кайрадан токтоп калуу ыктымалы  бар. Ушул себептен Түркия менен Израилдин ортосундагы нормалдашуу реалдуу сыноодон өтүп жатат. Бул жерде нормалдашуунун  негизинин кайрадан териштирилүүсү керек болот. Негизги нерсе 7 -  октябрдан кийин  кандай аймактык атмосферанын  ортого чыгары. Мындан көз карандысыз Түркия  -  Израиль  карым  - катнаштарынын келечегин сүйлөшүү мүмкүн эместей көрүнүүдө. Биринчиден, Түркия - Израиль нормалдашуусу 7 - октябрдан кийин жаңы негизде алга жылышы керек. Анткени 7 - октябрга чейин нормалдаштыруу боюнча күтүүлөр бир топ жогору болуп келген.  Энергетика маселеси да, башка геосаясий маселелер да өз алдынча нормалдашуу үчүн жетиштүү кыймылдаткыч фактор болгон эмес. Экинчиден, Түркия-Израиль карым - катнаштары эч качан АКШ - Израиль карым  -катнашына окшош союздук мамилеге ээ болгон эмес. 1990-жылдардагы мамилелердин алтын доорун кайра башынан өткөрүү мүмкүн эместей.  Үчүнчүдөн эки өлкөдөгү тышкы саясат парагматизминин чектери бар. Акыйкаттан да Түркия ээ болгон ахлактык парагматизма менен Израилдеги чексиз парагматизма эки өлкөнүн карым катнаштарын максимум деңгээлде улантылышына шарт түзгөн негизги бир динамика катары иштеп жатат жана карым  - катнаштардын Палестина маселесинин айынан тереңдешине мүмкүнчүлүк  бербей жаткан. Ошондуктан түрк тышкы саясаты үчүн эки теманы бири биринен айырмалоо абдан кыйын. Акыркы болуп Түркияда коомчулуктун Израиль нормалдашуусу Палестина маселесинин арасында бир тандоо жасай тургандыгы абдан ачык. Бул президент Эрдоган эске алышы керек болгон негизги динамикалардын бири.

Бул бардык динамикаларга көңүл бурулганда Түркия кризистин тереңдешине тоскоол болуу жана ок атышпоонун түзүлүшү үчүн аймакта активдүү роль ойногон өлкөлөрдүн башында турат.  Кризистин тереңдеши Түркия  -  Израиль нормалдашуусун азырынча акырына чыгарышы ыктымалдуу көрүнүүдө. Андан да маанилүүсү 7 -  октябрь жана андан кийинки Израиль кол салууларынын Түркиянын тышкы саясатында дагы кенен өлчөмдүү  нормалдашуу процессине таасирин тийгизүү потенциалына ээ болушу. Мунун келечеги батыштын Израилдин аркасында канчалык турары жана Изарилдин адам тарабынан жасалган согуш жана кагылышуу эрежелерин канчалык көрбөсттүккө саларына жараша болот.



Тектеш кабарлар