Сирияда статус – кво улантыла албай жатат

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

2038298
Сирияда статус – кво улантыла албай жатат

Сирияда бир канча убакыттан бери абал тынч болсо да акыркы жумаларда кыймылдуулук башталды. Оболу Асад режиминин көзөмөлүндөгү аймактарда бири биринин артынан болгон митингдер башталды. Өзгөчө да  Сувейда аймагында  андан кийин режим күчтөрү жана орус аба күчтөрүнүн Идлибди бомбаласа эми Дерузор  аймагында араб уруулары ПКК/ЙПГга каршы көрүрүлүш чыгарууда. Булардын баары өлкөдөгү статус – квонун улантыла албай тургандыгын көрсөтүүдө.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

Сирия акыркы мезгилдерде тынч мезгилди өткөрүп жаткан, бир тараптан Түркиянын көзөмөлүндөгү оппозициячыл аймактарды,  бир тараптан орус жана Иран колдогон, режим көзөмөлдөгөн аянттар жана АКШнын коргоосу астындагы ПКК/ЙПГ террордук уюмуна таандык аймактар.  Өлкөдө бул бардык күчтөрдүн көзөмөлүндөгү бир статус  - кво өкүмдүк кылып жаткан. Түркия кенен аскердик операцияларын токтотуп, режим оппозициячылдары бутага албастан аман калууга аракет кылып, ПКК/ЙПГ болсо АКШнын колдоосу астында саясий жетишкендиктерге жетишүү аракетинде. Бирок учурдагы динамикалардын өлкөнүн демографиясы, социология жана аянттагы чындыктар менен дал келбегендигин дагы бир жолу бири биринин артынан болгон окуяларда көрдүк.

Оболу режим аймактарында олуттуу митингдер боло баштады, Дамаск, Дера жана Латакияда да  мезгил - мезгили менен  болгон бул митингдердин борбору Сувейда аймагы болду. Дүрзи  азчылыктары жашаган аймакта экономикалык көйгөйлөрдүн күчөшү, Сирия лирасынын баасынын төмөндөшү менен бирге азык - түлүк коопсуздугуна да коркунуч туудуруп,  эл уюмдашып митингге чыга баштады.

Инфраструктура жана суперструктуралар ири өлчөмдө бузулуп, энергетика жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу мүмкүн эмес. Иштеп жаткан экосистема жок деп айтууга болот. Режимге караштуу аскердик  элементтер кеңири масштабда баңги өндүрүшү жана контрабандадан сөз болууда. Ливанда  болуп жаткан экономикалык кыйынчылыктар, Россия ичинде болгон Украина маселеси Сирия режимин дагы да кыйындатууда.  Режим болсо  бир теңдемеде Идлибди бутага алуу менен аскердик кагылышуулар менен күн тартибин өзгөртүү жана коркунуч экендиги тууралуу түшүнүк менен болгондорду мыйзамдаштыруу аракетинде.

Ушунун негизинде режимге караштуу күчтөр менен орус аба күчтөрүнүн Идлибди бомбалай баштагандыгын көрдүк,  оппозициячыл күчтөр болсо каршы кол салууларды ишке ашырып жооп берүүгө аракет кылышты. Өзгөчө Жебели Завия аймагында катуу кагылышуулар жана жооп кайтаруу кол салуулары болду. Андан кийин Дейризордо уруулар көтөрүлүшү чыкты. Дейризор олуттуу энергетика булактарына ээ болгон аянт. Аймак Сирия төңкөрүшү менен бирге оппозициячылдардын көзөмөлүнө кирип, андан кийин ДЕАШ тарабынан көпкө басып алынды. Шаар акыркы болуп АКШнын аба жана кургактыктан колдоосу менен ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГ жана ага караштуу айрым араб элементтери тарабынан колго алынган. Деризор азыркы учурда ПКК/ЙПГнын көзөмөлүндөгү Сирия демократиялык күчү жана ага караштуу  автономдуу түрдө  кыймыл кылган Аскердик кеңеш тарабынан көзөмөлгө алынып, ПКК аймакта курууга аракет кылган террор мамлекетинин да чектеринин ичинде орун алып жаткан.  Сөз социологиялык жактан өз урууларынын көзөмөлүндө болгон жана катаал адамдык типологияга ээ болгон араб - суннит аймагы жөнүндө болуп жатат. Шаарда Абид, Кулайин, Шаммар, Зубейд, Дулейм, Кабур, Тайй, Эбу Сарая жана Эл Рифаи, Акайдат жана Беккара уруулары бар.  Шаар Дамасктан 450 километр, Түркиядан болжол менен 200 километр алыстыкта ​​жайгашкан.

Буга чейин көптөгөн жол аймак калкынын ПККга каршы мобилизациялангандыгын көрсөткөн түрдүү митингдер, окуялар болгон бирок биринчи жолу ушундай чоң көтөрүлүш башталды. Аймактагы уруулардын өкүлү катары Аскердик кеңештин башында турган Эбу Хавленин ПКК/ЙПГ террористтери тарабынан сүйлөшүүгө чакырылып камакка алынышы менен дагы чоң  кагылышуулар чыкты. Араб урууларына караштуу куралдуу күчтөр мобилизацияланып бир нече айыл жана поселоктон ПКК/ЙПГ элементтерин чыгарышты. ПККнын үстөмдүгү астында жашоону каалабаган аймак калкы да бул көтөрүлүшкө колдоо берди.

Болгон кагылышууларда эки тараптан көп сандаган киши каза болуп, Түркиянын таасири астындагы аймактарда жашаган тийиштүү уруу мүчөлөрү да процесске колдоо берип ПКК/ЙПГга карата кол салууларды баштатышты. АКШ унчукпай, бир тарапка эмес, ортомчу ролду ойноого аракет кылды деп айтууга болот. ПКК/ЙПГнын каршы аскердик кыймылдары жана АКШнын ортомчулук ролу менен абал тынчтана баштагандай. Акырында  ПКК/ЙПГга караштуу элементтердин азыркы учур үчүн уруу күчтөрүнбастыргандыгын айтууга болот бирок жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдө ПКК/ЙПГнын Дейрузор сыяктуу аймактарда уруу түзүлүштөрүнө дагы көп автономдуулуктун берилишине карата убадалардын берилгендиги байкалууда. Өзгөчө бир нерсени баса белгилөө керек, болгон акыркы көтөрүлүш ПКК/ЙПГнын АКШнын берген бардык колдоосуна карабастан ПКК/ЙПГнын аймакта улантууга боло турган бир системаны кура албагандыгы мунун алдындагы эң чоң тоскоолдуктун демография экендигин дагы бир жолу көрсөткөн болду.

Жыйынтык катары Сириядагы жалганчы жаз жок болгон кагылышуулардын жана социалдык окуялардын кайрадан  башталгандыгын көрдүк.  Өлкөдөгү этникалык жана сектанттык түзүлүштөрдү да камтый турган демографиялык жана социологиялык чындыктарга ылайык бир саясий система жана тартип түзүлбөстөн Сирияда тынчтыктын жана туруктуулуктун турмушка ашышы мүмкүн эместей көрүнүүдө. Тилекке каршы өлкөнүн келечегине байланыштуу азыркы учур үчүн жакшы жакшы божомолду айтуу мүмкүн эмес.

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар