Сейит Кемал Караалиоглунун кыргыз таанууга кошкон салымы

Кыргыз таануу-27

2035406
Сейит Кемал Караалиоглунун кыргыз таанууга кошкон салымы

Ардактуу окурмандар! «Кыргыз таануу» программасынын бул чыгарылышында түркиялык жазуучу Сейит Кемал Караалиоглунун кыргыз таанууга кошкон салымы тууралуу кеп салабыз.

Жазуучу, журналист жана педагог Сейит Кемал Караалиоглу 1925-жылы Түркиянын Самсун облусуна караштуу Бафра районунда жарык дүйнөгө келген. Караалиоглу Стамбул университетинин Адабият бөлүмүн 1950-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ал 1960-жылга чейин Түркиянын “Ватан”, “Дүйнө” жана “Тержуман” гезиттеринде иштеген. Караалиоглу 1982-жылга чейин Стамбул жана Денизли шаарларындагы ар кыл лицейлерде адабият мугалими катары окуучуларга сабак берген. Анын калемине таандык ыр, аңгеме, эскерүү жана романдар жарыяланган. Караалиоглу балдарга арналган чыгармаларды да жараткан. Ал адабият, тарых багытында изилдөөлөрдү жасап, китептерди басып чыгарган. Караалиоглу 1995-жылы Стамбулда каза болгон.

Сейит Кемал Караалиоглу 1970-жылдары “Манас” эпосу жана Чыңгыз Айтматов боюнча Түркияда түрк тилинде макалалар, китепте бөлүмдөрдү жазып жарыялаган. Дал ушул макалалар анын кыргыз таанууга кошкон эң чоң салымы болгон. Ал адабият тарыхы боюнча адис болгон. Анын “Манас” эпосу жана манасчылар боюнча макалалары “Адабият сөздүгү” энциклопедиясында жана “Адабият терминдери боюнча колдонмо” эмгегинде жарыяланган.

Мындан сырткары Караалиоглунун Чыңгыз Айтматов боюнча макаласы 1978-жылы “Адабият сөздүгү” энциклопедиясында чыккан. Түрк окурмандары 1970-жылдары “Манас” эпосун жана Чыңгыз Айтматовду жакшы тааный электигин эске алсак, Айтматов менен “Манас” эпосунун Түркияда таанытылышына Сейит Кемал Караалиоглунун салымы зор болгон.

Ал “Түрк адабияты тарыхы” аттуу 3 томдон турган көлөмдүү эмгегинин биринчи томунда, кыргыздарга тиешелүү Жусуп Баласагын, Махмут Барскани (Кашкари), енисей руна сымал жазуулары жана “Манас” эпосу боюнча атайын баяндаган. Караалиоглу бул эмгегинде “Манас” эпосунун көркөмдүгүн баса белгилеп, Манастын төрөлүшү бөлүмүнөн кыргыз жана түрк тилдеринде үзүндү берген.

Караалиоглу түрк адабияты тарыхы боюнча мыкты эмгектерди жазып калтырган. Түрк адабиятынын тарыхына кызыккандар болсо Караалиоглунун эмгектерин окушса болот. Жыйынтыктай турган болсок, Сейит Кемал Караалиоглу Чыңгыз Айтматов менен “Манас” эпосун Түркияда алгачкылардан болуп энциклопедияларда тааныткан айдыңдардан бири болуп саналат.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова

Колдонулган адабияттар:

Karaalioğlu, Seyit Kemal, “Cengiz Aytmatov”, Ansiklopedik Edebiyat Sözlüğü, İstanbul: İnkılap ve Aka Kitapevi, 1978, s. 81.

Karaalioğlu, Seyit Kemal, “Manas Destanı”, Ansiklopedik Edebiyat Sözlüğü, İstanbul: İnkılap ve Aka Kitapevi, 1978, s. 437.

Karaalioğlu, Seyit Kemal, “Manas Destanı”, Edebiyat Terimleri Kılavuzu, İstanbul: İnkılap ve Aka Kitapevi, 1975, s. 216.

Karaalioğlu, Seyit Kemal, “Manas”, Edebiyat Terimleri Kılavuzu, İstanbul: İnkılap ve Aka Kitapevi, 1975, s. 76-77.

Karaalioğlu, Seyit Kemal, “Manasçı”, Ansiklopedik Edebiyat Sözlüğü, İstanbul: İnkılap ve Aka Kitapevi, 1978, s. 437.

 

 



Тектеш кабарлар