Түркия  -  Ирак карым  - катнаштарында жаңы мезгилге карай

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору,  жазуучу, профессор Мурат Йешилташтын бул темага баа берүүсү.

2035161
Түркия  -  Ирак карым  - катнаштарында жаңы мезгилге карай

Тышкы иштер министри Хакан Фидан 22 – 24 - август күндөрү Иракка маанилүү сапар жасады. Ирак террор менен күрөшүү, энергетикалык геосаясат, экономикалык карым - катнаштар, ички ырааттуулук жана аймак өлкөлөрүнүн ортосундагы атаандаштык жагынан Түркия үчүн  стратегиялык өлкөлөрдүн бири. Ошондуктан Фидандын сапары президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка карата күтүлүп жаткан сапарынын алдында өтө маанилүү.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору,  жазуучу, профессор Мурат Йешилташтын бул темага баа берүүсү.

Бирок эки өлкөнүн ортосундагы кыйын маселелер азырынча чечиле элек жана президент Эрдоган барса да бул маселелердин  жоюлушу үчүн убакыт керек.

Бул жагдайга көп факторлор таасирин тийгизсе да   Ирактын ичиндеги динамика  чечүүчү элемент.  Судани өкмөтүнүн алсыз түзүлүшү, экономикасынын алсыздыгы, Багдад менен Эрбилдин ортосунда пикир келишпестиктердин болушу, ПКК террордук уюмунун Түндүк Иракта болушу жана Иран сыяктуу чет элдик оюнчулардын кыйратуучу таасири бир нече таасирлердин арасында. Климаттык алмашуу тууралуу экологиялык маселелердин Иракка тийгизген таасири абдан чоң. Бул жерде суу маселеси Түркия менен Ирактын ортосунда чечилүүнү күтүп жаткан негизги орчундуу маселелердин бири.

Фидандын сапарында коопсуздук жана энергетика маселелери алдыңкы планга чыгып, Түркия үчүн да Фидандын алдыңкылыктарынын бири болгон  стратегиялык  темалардын бири да  сунниттер арасында жетишилген келишимди сактап калуу.  Сунниттер арасындагы ар кандай саясий кагылышуу Түркиянын Ирактагы артыкчылыктарына стратегиялык коркунуч жаратышы мүмкүн. Бул Түркия Иракка секталык көз караш менен карайт дегенди билдирбейт. Тескерисинче, сунниттер арасындагы элдешүү Ирактагы бардык башка саясий жана аскердик процесстерге таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондуктан, стратегиялык курал катары каралууда.

Иракта жакындап келе жаткан жергиликтүү шайлоого (2023 декабрь) көңүл бурулганда Түркиянын алдыңкылыгы дагы да маанилүү абалга келет. Бул алдыңкылыктар Фидандын Иракта өткөргөн жыйындарына караганыбызда оңой түшүнүүгө болот. Ирак түркмөндөрү менен  жолугушкандан мурда Фидан ирактык кесиптеши Фуад Хүсейин, Ел Судани жана президент Абдул Латиф Рашид жана Фатх союздаштыгынын лидери Хади  ел  - Амири жана Ирак эгемендүү союздаштыгынын лидери Хамис ал - Ханжар менен жолугушту.

 Түркиянын стратегиялык алдыңкылыктары Ирактагы этностук саясий тең салмактуулукту сактоо менен эле чектелбейт. Күрдстан демократиялык партиясы (КДП) менен Түндүк Ирактагы Күрдистан патриоттук биримдигинин (КДП) карым - катнаштары, террордук уюм ПККнын Иракта күчөгөн кыймылынын көзөмөлгө алынышы жана алсызданышы, ПКК менен шиит террористтеринин Түркияга каршы кызматташтыгы жана Ирандын шиит кошуундарына тийгизген таасирин алдына алуу,   Ирак менен Түркиянын ортосундагы экономикалык кызматташтыктын чыңдалышы Фидандын Иракка сапарынын негизги стратегиялык алдыңкылыктары.

Бул процессте көңүлдөрдү бурган абал террордук уюм ПКК менен күрөшүү. Түркия көп убакыттан бери ПКК менен күрөшүү стратегиясындагы өзгөрүүлөр менен уюмду өлкө ичинде жок кылууда, Иракта алсыратууда жана  Сирияда көзөмөлгө алууда ийгиликтүү болду. Түркиянын Ирактын түндүгүндөгү стратегиялык аймактарда күч алган аскердик  күчү жана бул жерлерлеги көзөмөл, ПККга каршы жүргүзүлгөн аскердик жана чалгындоо операциялары менен Анкара жана Эрбилдин ортосундагы жакын кызматташуу Иракта ПККны алсыратты бирок жок кыла албады.

Буга жооп катары ПКК ДАЕШ менен  күрөшүү шылтоосу менен Синжар аймагында ордун өзгөрттү. Махмурду ПКК үчүн машыгуу лагерине айландырып, Сүлейманиедеги маалаларды көзөмөлгө ала баштады. Күрдистан патриоттор биримдиги менен өнөктөштүк түздү жана шиит террористтер менен биригип Түркияга каршы тең салмактуулук деген саясатты жүргүздү. Андан да маанилүүсү ПККнын Сириядагы уландысы болгон ЙПГны Түндүк Ирак аркылуу мыйзамдаштырууну жана ПККнын саясий жана аскердик тереңдигин Ирак саясатына кошуу менен күчтөндүрүүгө аракет кылды. Түркиянын азыркы стратегиясы ПККнын өзгөргөн стратегиялык жана тактикалык мамилесине каршы туруу, ПККны Ирак масштабында таасирсиз кылуу жана уюмдун Кандилге чегинүүсүн камсыздоо. Ошондуктан Түркия Ирак өкмөтүнүн ПККны террордук уюм катары таануусун каалайт жана Фидандын сапары учурунда да белгилегендей, ПККнын күчтөнүшүн Ирактын жеринин бүтүндүгүнүн жана эгемендигинин бузулушуна карата бир коркунуч катары көрөт.

 Бул максат ишке ашса, Ирак өз аймагында үстөмдүк кылуучу күчкө айланат жана Түркиянын Ирактын түндүгүндөгү аскер саны азайтылат.  Бир тараптан ПККны террордук уюм катары таануу Ирактын түндүгүндөгү саясатты ПККнын таасиринен куткарып, күрттөр арасында күчөгөн кагылышууну азайтат.

Бул абалдын түндүк Ирак теңдемесинде  ишке ашырылышы азырынча кыйындай көрүнсө да Түркиянын каражаттары аймактагы актерлордун Түркия менен иштешин стратегиялык зарылдыкка айлантууда. Фидандын Эрбилдеги дипломатиялык жолугушуулары муну далилдеп жатат. Түркия менен Күрдистан демократиялык партиясынын ортосунда уланып жаткан кызматташтык ПККны Күрдистан демократиялык партиясына  каршы агрессивдүү абалга алып келип, Күрдистан патриоттор биримдигинин ПКК менен кызматташтыгын улантуусу Сүлейманиеден Түркияга учак каттамдарынын кайра башталышы күмөн. 

Эки өлкө үчүн дагы бир орчундуу маселе – энергетика.  Ирактан Түркияга мунай агымы 2023 - жылдын февраль айынан бери токтоп, Анкара буга себеп катары февраль айындагы жер титирөөлөрдү көрсөткөн. Бул  негиз акылга сыярлык көрүнсө да  Багдад өкмөтү менен Эрбил башкаруучулугунун ортосунда уланып жаткан кагылышуу жана Ирактын Эл аралык арбитраждык сотунда Түркияга каршы доо арызы жана компенсацияга өкүм кылынышы Түркия үчүн да көйгөй жаратууда десек жаңылышпайбыз.

Фидандын Иракка жасаган сапары оң натыйжа бере турган болсо, Эрдогандын сапары үчүн бекем пайдубал түзүлөт жана Түркия - Ирак карым - катнаштарында стратегиялык кызматташтыкка жол ачылат. Ирак бул таасирди бекемдөөдө стратегиялык роль ойногондуктан Түркиянын аймактык таасири кайра жанданышы мүмкүн.



Тектеш кабарлар