Евразия мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-49

2019992
Евразия мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Евразия мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Өткөн аптада Орусияда маанилүү саммит болуп өттү жана Евразия чөлкөмүндөгү мамлекеттерге маанилүү иш сапарлар жасалды. Эми аларга ирети менен көз чаптыралы.

Үстүбүздөгү жылдын 23-24-июль күндөрү Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили расмий иш сапары менен Хорватияда болду. Премьер-министр Гарибашвили борбор шаар Загребде Хорватиянын премьер-министри Андрей Пленкович менен жолугушту. Премьер-министр Пленкович Европа Биримдикке мүчө болуу процессинде Грузияны колдой тургандарын билдирди. Грузиянын өкмөт башчысы Загребде өз өлкөсүнүн элчилигинин имаратын ачты.

Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили 27-июль күнү Кытай Эл Республикасына иш сапары менен барды. 28-июль күнү Гарибашвили Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкөнүн мамилеси стратегиялык деңгээлге көтөрүлгөнү баса белгиленди. Гарибашвили Ченду шаарында ХХХI. Бүткүл дүйнөлүк жайкы универсиада оюндарынын ачылыш аземине катышты.

25-июль күнү Орусия, Азербайжан жана Армениянын тышкы иштер министрлери Москвада Карабах маселеси боюнча үч тараптуу жолугушуу өткөрүштү. Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери буга чейин 27-29-июнь күндөрүндө АКШда жолугушкан.

26-июль күнү Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери үч тараптуу онлайн жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда сөз болуп жаткан мамлекеттердин президенттеринин август айынын башында Түркмөнстанда өтө турган үч тараптуу саммитинин чоо-жайы талкууланды.

26-июль күнү Кыргызстандын премьер-министри Акылбек Жапаров Чолпон-Ата шаарында Азербайжандын вице-премьер-министри Али Ахмедов менен жолугушту. Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан-Азербайжан өкмөттөр аралык экономикалык жана социалдык кызматташтык комиссиясынын 5-жыйыны болуп өттү. Ошол эле күнү Кыргызстан-Азербайжан бизнес форуму да болду.

27-июль күнү Кыргызстанда “Ысык-Көл-2023” 7-Эл аралык экономикалык форуму болуп өттү. Форумга 400дөн ашуун өкүл катышты. Форумда жалпы суммасы 2,5 миллиард долларды түзгөн 10 келишимге кол коюлганы билдирилди.

27-28-июль күндөрү Санкт-Петербург шаарында 2-Орусия-Африка саммити менен экономикалык жана гуманитардык форуму болуп өттү. Саммитке Африка континентинин 54 өлкөсүнөн өкүлдөр келгени маалым болду. Владимир Путин саммитте сүйлөгөн сөзүндө, Буркина-Фасо, Зимбабве, Мали, Сомали, Борбордук Африка Республикасы жана Эритреяга 25-50 миң тонна бекер эгин жеткирип бере тургандарын билдирди. Орусия-Африка өнөктөштүк форумунун төрагасы Олег Озеров, Орусиянын Африкада 1990-жылдары жапкан элчиликтерин кайра ачарын жарыялады. Африка лидерлеринин саммитинин алкагында Орусия менен Украинаны элдештирүү планы ишке ашпай калды.

Июль айынын аягында Чирчикте Азербайжан менен Өзбекстандын аскерлери биргелешкен аскердик машыгуу өткөргөнү билдирилди. Стамбулда өткөрүлгөн 16-IDEF-23 коргоо өнөр жайы жарманкесинин алкагында Азербайжандын Коргоо министрлиги Түрк Аэрокосмостук өнөр жайы (TUSAŞ) ишканасы менен “Су-25” учагынын жаңыланышына байланыштуу кызматташтык келишимине кол койду. Түрк Аэрокосмостук өнөр жайы ишканасы ошондой эле АНКА учкучсуз учуучу аппаратынын Казакстанда сыноодон өткөрүлө баштаганын жарыялады.

Программаны даярдагандар; Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар