Диярбакырдын зым билериги

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-47

2015514
Диярбакырдын зым билериги

Диярбакырдын зым билериги

Катталган күнү: 13.06.2023

Түркиянын Түштүк-Чыгыш Анадолу аймагындагы Диярбакыр шаары кол өнөрчүлүктүн туу чокуларынын бири болуп саналган алтындан токулган токуу иштери менен өлкө ичинде да, чет өлкөдө да татыктуу кадыр-баркка ээ. Диярбакырдын Соода жана өнөр жай палатасынын кайрылуусу боюнча, 2023-жылы Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнө кирген «Диярбакыр зым билериктин» өндүрүшүндө куйма жана алтын сыныктарынан өндүрүлгөн алтын зымдар колдонулат. Алтынды иштетүү чеберлеринин колунан жука жана узун зым түрүндө жасалган алтынды «Малафара» деп аталган иштетүүчү аспап менен биринин артынан бирин ороп, токушат. Уста-чеберлер сайма калеми менен токулган билерикке Диярбакырга жана аймакка мүнөздүү мотивдерди бир-бирден кошушат. Чоң таланттуулукту, көңүл бурууну жана чеберчиликти талап кылган Диярбакырдын зым билериктери көп жылдардан бери аймактык тойлордун алмаштырылгыс келин зер буюмдарынын арасында орун алып, Диярбакырга келген чет элдик туристтердин таасири менен чет өлкөдө суроо-талапка ээ болгон экспорттук товарга айланган.



Тектеш кабарлар