Гүлжанат Курмангалиева Эржиласундун кыргыз таанууга кошкон салымы

Кыргыз таануу-23

2011867
Гүлжанат Курмангалиева Эржиласундун кыргыз таанууга кошкон салымы

 

Ардактуу окурмандар! «Кыргыз таануу» программасында тарыхчы Гүлжанат Курмангалиева Эржиласундун кыргыз таанууга кошкон салымы тууралуу кеп салабыз.

 Профессор доктор Гүлжанат Курмангалиева Эржиласун Казакстандын Алматы шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал 1993-1999-жылдары Анкара шаарында жайгашкан Жакынкы Чыгыш техникалык университетинде билим алган. Гүлжанат Курмангалиева 2003-жылы ошол эле университетте Сталин репрессиясынын казак айдыңдарына тийгизген таасири боюнча магистрдик диссертациясын ийгиликтүү жактаган.

Гүлжанат Курмангалиева Эржиласун 2004-2008-жылдар аралыгында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде студенттерге дарс окуган. Кыргызстандын облустарын кыдырып изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Ал 2008-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Саякатнаамаларда Жетисуу аймагында жашаган казактардын жана кыргыздардын социалдык абалы (1854-1917)” аттуу доктордук (PhD) эмгегин ийгиликтүү жактаган. Анын башка көптөгөн иликтөөлөрүнөн дагы кыргыздар менен казактарды салыштырып, эки калкты биргеликте иликтеп жүргөнүн байкоого болот.

Гүлжанат Курмангалиева Эржиласун - акыркы 200 жылдагы кыргыз тарыхы боюнча адис. Анын кыргыз таануу жаатында кыргызча, казакча, түркчө, англисче жана испанча изилдөөлөрү жарыяланган. Кыргыздар боюнча жазган саякатчылар, кыргыз көчү, Алаш кыймылы, репрессия, ачарчылык, колхоздоштуруу жараяны, кыргыздардын ислам дини, жалпы эле Совет доорундагы Кыргызстан, кыргыз-казак мамилелери боюнча Курмангалиеванын иликтөөлөрү бар.

Ал Бишкекте жашап жүргөндө кыргыздардын оозеки тарыхын жыйноо жана анализ кылып жарыялоо боюнча эл аралык долбоорго катышкан. Бул тема боюнча көптөгөн доклад жана макалаларды жарыялаган.

Арзу Дүндар тарабынан даярдалган “Чыңгыз Айтматовдун көзү менен Экинчи дүйнө согушу” жана Ахмад Хасанов тарабынан даярдалган “Алаш кыймылы жана Азербайжан улуттук кыймылы. Салыштырмалуу анализ” аттуу магистрдик диссертацияларга Гүлжанат Курмангалиева Эржиласун жетекчилик кылган.

Жыйынтыктай турган болсок, Гүлжанат Курмангалиева Эржиласун кыргыз тарыхынын чет тилдеринде жарыяланып, таанытылышына албан салым кошуп келе жатат.

Программаны даярдагандар; Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова

Колдонулган адабияттар:

Kurmangaliyeva Ercilasun, Güljanat, “19. Yüzyılda Kazak ve Kırgız Toplumunda Yemek Kültürü ve Gıda Türlerinde Değişim”, Uluslararası Altay Toplulukları Sempozyumu-X, 27-30 Eylül 2022. Taşkent.

Kurmangaliyeva Ercilasun, Güljanat, “Ateist Bir Devlette Yaşayan Din: Sovyet Kırgızistanında İslam”, Türk Dünyası Araştırmaları, 116(229), 2017, s. 51-70.

Kurmangaliyeva Ercilasun, Güljanat, “Collectivization and Everyday Life Oral Histories from Kazakhstan and Kyrgyzstan”, Development and Modernization in the Soviet and Post-Soviet Periphery. 25-26.09.2015.

Kurmangaliyeva Ercilasun, Güljanat, “Enrichment of Knowledge Through Memory Studies: Oral History Research Projects in Kyrgyzstan”, The Journal of UNESCO Asia-Pacific Centre of Education for Internatıonal Understanding, 30, 2011, p. 28-31.

Kurmangaliyeva Ercilasun, Güljanat, “Famine in Kyrgyzstan in the 1930s and 1940s”, Kazakhstan, Kyrgyzstan, and Uzbekistan: Life and Politics during the Soviet Era. Palgrave Macmillan. 2017, p. 39-51.

Kurmangaliyeva Ercilasun, Güljanat, “Famine in Kyrgyzstan The Memories of the 1930s and 1940s”, The Journal of Central Asian Studies, 18(1), 2009, p. 63-73.

Kurmangaliyeva Ercilasun, Güljanat, “Investigando la Historia Oral de Kirguistan”, Eurasiatica, 2, 2011.

Kurmangaliyeva Ercilasun, Güljanat, “Islam in the Soviet Kyrgyzstan: Practices in an Atheist State”, İslam Bölgeleri Araştırmaları (IAS) 3. Uluslararası Kongresi, Kyoto, 17-19 Aralık 2010.

Kurmangaliyeva Ercilasun, Güljanat, “Kazakistan ve Kırgızistan’da Kolektifleştirme: Sözlü Tarih Çerçevesinden Bir Bakış”, Gazi Türkiyat, 19, 2016, s. 11-22.

Kurmangaliyeva Ercilasun, Güljanat, “Missing Page in Soviet History Famines in Kyrgyzstan”, History and Memory in Central Asia, 07-09.05.2015.

Kurmangaliyeva Ercilasun, Güljanat, “Orhon Jazbaları men Kutadgu Bılıgte Memleket Baskaru Kontseptsiyası”, Yusuf Balasaguni’s Contribution to Turkic World Culture. 13.04.2016.

Kurmangaliyeva Ercilasun, Güljanat, “Remembered Traditions and Lifestyles of Soviet Kyrgyzstan”, Inner Asia, 12(1), 2010, p. 157-175.

Kurmangaliyeva Ercilasun, Güljanat, “Research Trends in Kyrgyz History (1991-2009)”, Asian Research Trends, 4, 2009, p. 25-44.

Kurmangaliyeva Ercilasun, Güljanat, “Soviet Legasy in Memories Pros and Cons according to Oral History Studies in Kyrgyzstan and Kazakhstan”, Fifth International Conferance “New Horizons in Islamic Area Studies: Asian Perspectives and Global Dynamics, 11-12.09.2015.

Kurmangaliyeva Ercilasun, Güljanat, “Studies on Kenesary Kasymuly in the Kazak and Kyrgyz Historiography and the Role of Ermukhan Bekmakhanov”, The Soviet Historiography and the Question of Kazakhstans History, 15.04.2015.

Kurmangaliyeva Ercilasun, Güljanat, “Uygur Kağanlığının Yıkılması ve Kavimler Göçü: Doğu Kazakistan ve Altay Bölgesinde Kırgız ve Kimekler”, Turkic Civilization Studies I. In Commemoration of Professor Karybek Moldobaev, İstanbul 2015, s. 55-72.

Курмангалиева Ержиласун Гүлжанат. Мал чарбачылыгы тууралуу кыргыз жана казак макал-лакаптарында баалуулуктар// 8-Эл аралык Алтай элдери симпозиуму. 19-23.08.2019. Чолпон Ата-Бишкек.

Курмангалиева Ержиласун Гүлжанат. Оозеки тарых долбоору алкагында Т. Усубалиев менен интервью жана Кыргызстан тарыхынын айрым маселелери// Т. Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган “Мамлекеттик башкаруунун айрым маселелери 1960-1980” аттуу  эл аралык илимий практикалык конференция. 24.10.2019. Бишкек.

 



Тектеш кабарлар