Евразия республикаларынын күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-46

2010533
Евразия республикаларынын күн тартибиндеги окуялар
bağlantısızlar hareketi.jpg
narendra modi.JPG
Kubanicbek Omuraliyev-Faruk Kaymakci.jpg
aliyev.jpeg

 

Ардактуу окурмандар!  «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасында Евразия мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 4-июль күнү Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин төрагалыгы астында Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити онлайн форматында болуп өттү. Саммитке уюмга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин башчылары, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы жана конок өлкө катары Түркмөнстандын президенти катышты. Уюмга байкоочу өлкө болгон Ооганстан саммитке чакырылган жок. Талибандын Тышкы иштер министрлиги уюмдун кийинки саммитине катышууну кааларын билдирди. Саммитте сөз сүйлөгөн Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев уюм түзүлгөндөн бери уюмдун алкагында бир дагы ири экономикалык долбоор ишке ашырылбаганын белгилеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга чакырды. Саммитте Иран Ислам Республикасы уюмга толук кандуу мүчө болуп кабыл алынды. Саммиттин жыйынтыгында Жаңы-Дели декларациясы кабыл алынып, 13 документке кол коюлду.

Түрк Мамлекеттер Уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев 4-июль күнү Бельгияга иш сапары менен барды. Түрк Мамлекеттер Уюмунун Башкы катчысы Брюсселдеги Европа Биримдиги мекемелерине сапар жасап, жолугушууларды өткөрдү. Кубанычбек Өмүралиев Түрк Мамлекеттери Уюмунун Брюсселге келген биринчи башкы катчысы болгонун жана бул уюмдун аймактагы жана эл аралык аренадагы саясий ролунун жогорулап баратканын көрсөтүп турганын билдирди.

6-июль күнү Индиянын парламенти Лок Сабханын төрагасы Ом Бирла расмий иш сапары менен Монголия Республикасына келди. 7-июлда Монголиянын парламентинин спикери Занданшатар Гомбожав Ом Бирланы расмий салтанат менен тосуп алды. Ошол эле күнү Монголиянын Президенти Хүрелсух Ухнаа Индия парламентинин төрагасын кабыл алды. Монголия-Индия мамилелери акыркы жылдары коргонуу, коопсуздук жана тоо-кен өндүрүшү сыяктуу стратегиялык тармактарда өнүгүп жатат.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өткөн аптада Болгария, Чехия жана Түркияда иш сапары менен болду. 7-июлда Украинанын президенти Владимир Зеленский Түркияга келди. Стамбулда президент Режеп Таййип Эрдоган менен Владимир Зеленский жолугушту. Жолугушуулардын соңунда эки өлкөнүн ортосунда бир катар стратегиялык келишимдерге кол коюлду. Бириккен Улуттар Уюму Украинадагы согушта 9 миңден ашуун жарандын набыт болгонун жарыялады.

 5-6-июль күндөрү Бакуда “Блокторго Кошулбоо кыймылынын” координациялык бюросунун министрлер кеңешинин жыйыны болуп өттү. Жыйынга 93 өлкөнүн министрлери жана 11 эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышты. Жыйындын ачылыш аземине Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев катышты. Азербайжан “Кошулбоо кыймылына” төрагалык кылган мезгилде аталган уюмдун парламенттик комитети жана жаштар комитети түзүлдү.

7-июль күнү президент Илхам Алиев Азербайжанга расмий иш сапары менен келген Албаниянын президенти Байрам Бегай менен тет-а-тет жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрдү. Жолугушууда Азербайжан менен Албаниянын ортосундагы карым-катнаштар, өзгөчө энергетика тармагындагы кызматташтык маселелери каралды.

Окуялардан көрүнүп тургандай, өткөн аптада Евразия аймагында маанилүү эл аралык жолугушуулар өттү. Жасалган иш сапарлар да аймактын келечегине таасирин тийгизчү мүнөздө болду.

Программаны даярдагандар: Абдрасул Исаков жана Гүдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар