Малатья Арапгир бут кийими
Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-38


Малатья Арапгир жыгач мыктуу бут кийим
Катталган күнү: 09.12.2022
Түркиянын Чыгыш Анадолу аймагындагы тарыхый Малатья шаарына караштуу Арапгир району абдан уникалдуу кол өнөрчүлүк буюму болгон «Жыгач мыктуу бут кийим» менен Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнүн тизмесине кирген. Арапгир муниципалитетинин кайрылуусунун негизинде 2022-жылы катталган өнүм болгон «жыгач мыктуу бут кийим» аймакта көптөгөн кылымдык тарыхка ээ. Бут кийимди өндүрүүдө уйдун булгаарысынан жасалган бут кийимдин таманы жыгач мыктар менен бекитилет. Жыгач мыктардын узундугу 5 миллиметр, калыңдыгы жарым миллиметр болуп, меште кургатылган бук, кайың жана граб жыгачтарынан жасалат. Боолуу, тепчимелүү сыяктуу көптөгөн түрдө өндүрүлгөн Арапгир жыгач мыктуу бут кийимди чыгаруу чоң чеберчиликти талап кылат. Жыгач мыктуу бут кийим даяр калыптарга ылайык өндүрүлөт, бирок каалоого жараша өлчөө жолу менен да жасаса болот.