Түркияда кайрадан шайлоо

СЕТАнын тышкы саясий изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

1991471
Түркияда кайрадан шайлоо

Түркия  28 -  майда  кайрадан шайлоого барат. 14 -  майда болгон президенттик жана парламенттик шайлоодо биринчи айлампада Элдик альянс парламентте көпчүлүктү түзүп, президент Эрдоган 49,5 пайыздык добуш алып ийгиликке жетишкенине карабастан 50 пайыздык добушка жетпегендиктен  шайлоо экинчи айлампага калды. Кемал Кылычдароглу күтүүлөргө карабастан 44 пайыздык гана добуш алды. Өлкө кайрадан шайлоого барат жана бардык процесс тынчтык ичинде жүрүп жатат. Бул абал түрк демократиясынын жетилгендигинин көрсөткүчү болду.

СЕТАнын тышкы саясий изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.  

14 -  майда биринчи айлампасы өткөн президенттик жана парламенттик шайлоо бир нече күтүлбөгөн жыйынтыкты да кошо ала келди.  Өзгөчө оппозиция тарапта жана аны колдогон эл аралык чөйрөлөрдө чоң күтүүлөр пайда болуп, Кемал Кылычдароглунун биринчи айлампада президент болуп шайланары жана Улут альянсынын да парламентте көпчүлүктү түзөрү  айтылган. Бирок чындык акырында ачыкка чыкты жана оппозиция биринчи айлампада Эрдоган жана Элдик альянстын алдында чоң жеңилүүгө учурады. Эрдоган биринчи айлампада Кылычдароглунан 2,5 миллион добуш менен айырмаланып Элдик альянс парламентте көпчүлүккө ээ болду. Улут альянсы азчылыкка түшүп айткандарынын бош экендиги тастыкталган болду.

Анда эмесе болгон пандемия, Украина согушу жана акырында 50 миңден ашуун киши каза болгон жер титирөө апаатына карабастан эмне себептен мындай жыйынтык чыкты? Оболу Эрдоган баарына карабастан Кылычдароглуна салыштырмалуу ишеним берген лидер катары түрк калкынан жооп алды. Түркиянын учурдагы экономикалык маселелеринин Эрдоган тарабынан чечиле аларын, жер титирөө болгон аймактардагы курулуш жана калыбына келтирүү иштерин Эрдоган гана аткара алат деген пикирлер бар. Оппозициянын  алты партиядан турган коалиция болушу,  бири бири менен ынтымактуу болбогон көрүнүшү барыдан мурда Кылычдароглунун ПККнын саясий уландысы HDP менен түзгөн өнөктөштүк шайлоочулардын каршы чыгуусуна себеп болду. Акырында Эрдоган биринчи айлампада алдыга чыгып, Кылычдароглу жана альянсы жеңилүүгө учурады. Эми өлкө 28 -  майда экинич айлампада добуш берет.

Кылычдароглу 180 градустук  бир бурулуш менен улутчул, качкындарга каршы позицияда туруп,  ашыкча оңчул Үмит Өздаг менен союздаштык түзүп шайлоочулардын алдына чыгат. Өзү үчүн ошол эле учурда Үмит Өздаг, ашыкча оңчул жана ПКК/ HDP тең салмактуулугун сактоо мажбурлуудугу бар. Биринчи айлампадан 5 пайыздык катнашта добуш алган Синан Оган Эрдоганды колдоо чечимин билдирди.

Эрдоган учурдагы саясатын улантуу менен шайлоочуларга Кылычдароглу жана альянсынын  карама  - каршылыктарын көрсөтүү менен колун дагы күчтөндүргөндөй көрүнүүдө жана парламенттеги көпчүлүк менен шайлоочунун алдына чыгууда. Түркия калкы жалпысынан туруктуулукка алдыңкылык бергендиктен бул карта Эрдоган үчүн абдан күчтүү фактор катары өзгөчөлөнүүдө.



Тектеш кабарлар