Кастамону пастырмасы

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-37

1989411
Кастамону пастырмасы

КАСТАМОНУ ПАСТЫРМАСЫ

Катталган күнү: 29.03.2021

Түркиянын Кара деңиз жээгиндеги Кастамону, аймактагы жайыттарда багылган малдын этинен өндүрүлгөн атактуу «Кастамону пастырмасы» менен белгилүү. Кастамонунун соодагерлер жана кол өнөрчүлөр палатасынын кайрылуусу менен 2021-жылы Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнө кирген «Кастамону Пастырмасы», бул тармакта Кайсери жана Афьонкарахисар шаарларынын да эң чоң атаандашы. Кастамону пастырмасын өндүрүүдө терең кесилген сулп эт кочкор туз менен туздалат жана 3 күн кармалат. Күтүү учурунда суусу сарыккан эт кесимдери, оор нерселердин жардамы менен престелип, андан кийин жуулат жана күнгө кургатылып аймакка тиешелүү Ташкөпрү сарымсагы кошулган фенугрек менен жабылат. Пастырманы өндүрүүдө 2-2,5 жаштагы бодо малдын эти гана колдонулат. Көбүнчө сентябрь-апрель айларында өндүрүлгөн Кастамону пастырмасы орточо туздуу жана бир аз кычкыл даамга, уйдун этинин даамына жана өзгөчө кызыл түскө ээ.



Тектеш кабарлар