Чубуктун туздалган бадыраңы

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-36

1986999
Чубуктун туздалган бадыраңы

Чубуктун туздалган бадыраңы

Катталган күнү: 14.02.2006

Түркиянын борбор шаары Анкаранын Чубук районунун атынан аталган «Чубуктун туздалган бадыраңы» райондун акимчилигинин арызы менен 2006-жылы Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнө киргизилген. Чубук району жана айылдарында өстүрүлгөн ар кандай жашылчалардан, өзгөчө бадыраңдан жасалган Чубуктун туздалган бадыраңынын көңүлдү бурган өзгөчөлүгү – лавр жалбырагы жана укроп колдонулуп өтө аз өлчөмдөгү уксус менен даярдалышы. Даамы үйдө жасалган туздалган бадыраңга окшош жана узакка сакталат. Туздалган бадыраңды өндүрүүдө жайкысын өстүрүлгөн жашылчалар эң оболу алдын ала жуулушу үчүн цистернага салынып ылайдан, чөптөн тазаланып жумшартылат, андан соң эки-үч жолу таза жуулат. Туздала турчу бадыраңдар андан кийин челектерге салынып, жашылчалардын үстүнө туз жана уксус кошулган туздуу суу толтура куюлат. Укроп, лавр жалбырагы, сарымсак, ачуу калемпир сыяктуу жыпар жыттуу азыктар кошулуп, челектердин оозу аба кирбегидей түрдө жабылат жана күтүлөт. Туздалган бадыраңдын салттуу даамы пайда болушу үчүн ал бөлмө температурасында 20-35 күн күтүшү керек. Бул мезгилде ачытуудан өткөн жашылчалар каалаган түр, өлчөм жана сапатына жараша дат баспас идиштерге, желим же айнек идиштерге толтурулуп колдонууга сунушталат.



Тектеш кабарлар