Белгилүү теолог Мустафа Эрдемдин кыргыз таанууга кошкон салымы

Кыргыз таануу-18

1986008
Белгилүү теолог Мустафа Эрдемдин кыргыз таанууга кошкон салымы

Ардактуу окурмандар! «Кыргыз таануу» программасынын бул чыгарылышында белгилүү түрк теологу Мустафа Эрдемдин кыргыз таанууга кошкон салымы тууралуу кеп салабыз.

 Профессор доктор Мустафа Эрдем 1957-жылы Түркиянын Анкара облусуна караштуу Кызылжахамам районунда жарык дүйнөгө келген. Ал 1978-жылы Анкара университетинин Теология факультетин аяктаган. Эрдем аты аталган университетте 1990-жылы доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Ал Түркиянын Дин иштери башкармалыгында жана Түркиянын мамлекеттик радио жана телеберүү мекемесинде эмгектенген. Ал 2002-2003-жылдары Түркиянын өкмөтүнүн Түрк дүйнөсү боюнча министринин кеңешчиси болгон. Мустафа Эрдем 2011-2015-жылдары эки жолу Түркиянын парламентине эл өкүлү болуп шайланган. Эрдем кыргыз, араб жана англис тилдерин билет.

Мустафа Эрдем 1993-жылы Ош мамлекеттик университетинин Теология факультетинин Түркия тараптан координатору болуп дайындалган. Ал 1996-1999-жылдары Ош мамлекеттик университетинин Теология факультетинин деканынын орун басары кызматын аркалаган. Эрдем аты аталган факультеттин курулуп, толук кандуу иштей башташына чоң салым кошкон.

Эрдем теолог, илимпоз катары Кыргызстандагы эл аралык илимий жыйындарга катышып, докладдар окуган. Ал Кыргызстанга тиешелүү ар кыл темалардагы илимий макалаларды түрк тилинде жарыялаган. Мисалы, анын “Кыргызстанда нооруз майрамы” аттуу макаласында “сүмөлөк” деген сөздүн “суу” жана “мелек” (периште) деген эки сөздүн жалгашуусунан жаралганы боюнча кызыктуу маалымат берилген. Кээ бир сөздөрдүн этимологиясын чечмелеп жатканда, ал маселе боюнча башка улуттагы адамдарга таандык көз караштар кызыктуу тыянактарды чыгарганга жардам берет. Профессор Решат Генчтин бир жолу “Кыргыздар балдай таттуу болгон үчүн бөбөктөргө бала дешет” деген сөзүн ушуга мисал катары келтирсек болот.

Мустафа Эрдемдин кыргыз таанууга кошкон эң чоң салымы анын Кыргызстан жана кыргыздар боюнча жазып жарыялаган китептери десек жаңылышпайбыз. Түркияда кыргыздар жана Кыргызстан, өзгөчө кыргыздардын дини боюнча изилдөө жүргүзө турган адамдар Эрдемдин китептерин сөзсүз окуп чыгышат. Анын эмгектеринде кыргыздардын тарыхы, ишеними, үрп-адаттары, маданияты, дини жана коомдук абалы боюнча кызыктуу маалыматтар камтылган.

Эрдем Кыргызстанда жашаган жылдарын өмүрүнүн эң баалуу жылдары катары баалайт. Ал Кыргызстан боюнча өзүнүн эскерүүлөрүн атайын китеп кылып жарыялаган.

 Бакыт Мирзараимов тарабынан даярдалган “Эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстанда иш алып барган христиан миссионер группалар” аттуу магистрдик жана “Баптизм. Кыргызстанда баптизм” аттуу доктордук диссертацияга Мустафа Эрдем илимий жетекчи болгон. Ош мамлекеттик университетинин Теология факультетин ийгиликтүү бүтүргөн көптөгөн кыргызстандыктар, илимий изилдөөлөрүн Түркияда улантышып кыргыздардын тарыхы, дини, социологиясы, маданияты жана башка багыттары боюнча жүздөгөн баалуу илимий изилдөөлөрдү жарыялашты. Ошентип Мустафа Эрдем кыргызстандык жаш илимпоздордун илим жолуна түшүшүнө себеп болгон инсандардын бири болгон.

Программаны даярдагандар; Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова

Колдонулган адабияттар:

Erdem, Mustafa, “Fergana Vadisinde ve Oş Bölgesinde İslam’ın Yayılışı”. Международная научная конференция История и культура Оша и Ошской области в домоньголской эпохи. 28-30 октябрь. Ош 1998.

Erdem, Mustafa, “İslam Dininin Türk Medeniyetinin Gelişmesine Katkısı”. Түрк элдеринин дүйнөлүк цивилизацияда алган орду жана ролу. Эл аралык илимий конференция. 21-23-октябрь. Ош 1999.

Erdem, Mustafa, “Kırgızistan’da Nevruz Kutlamaları”, Dini Araştırmalar, 2(4), Ankara 1999, s. 169-176.

Erdem, Mustafa, “Kırgızlarda Dini ve Sosyal Hayat”, Türkler, c. 3, Ankara 2002, s. 167-176.

Erdem, Mustafa, “Misyonerlik ve Kırgızistan’da Misyoner Faaliyetleri”, Dini Araştırmalar, 1(3), Ankara 1999, s. 5-42.

Erdem, Mustafa, “Orta Asya’da İslam’ın Geleceği”, Теология факультетинин илимий журналы. 3-4-саны. Ош 2003. 7-12-б.

Erdem, Mustafa, “Orta Asya’da Soydaşlarımıza Götürülecek Hizmetlerde Uygulanacak Usuller”. Uluslararası II. Din Şurası. 23-27 Kasım Ankara 1998.

Erdem, Mustafa, “Oş Devlet Üniversitesi İlahiyat Fakültesi Hakkında Bildiri”, Uluslararası Orta Asya’da İslam Sempozyumu, 20-21 Mart, Oş 2004, s. 15-17.

Erdem, Mustafa, “Türk Cumhuriyetlerinde Din Eğitimi”, Türkiye Sosyal Araştırmalar Dergisi, 3(1), 1999, s. 23-58.

Erdem, Mustafa, Kırgız Türkleri Dini ve Sosyal Hayat, Diyanet Vakfı Yay., Ankara 2005.

Erdem, Mustafa, Kırgız Türkleri Sosyal Antropoloji Araştırmaları, ASAM Yay., Ankara 2000.

Erdem, Mustafa, Kırgızistan Hatıralarım, Tulpars Yay., İstanbul 2019.

Mirzaraimov, Bakıt. Bağımsızlık Sonrası Kırgızistan’da Faaliyet Gösteren Hıristiyan Kökenli Misyoner Guruplar, Basılmamış Yüksek Lisans Tezi, Ankara 2000.

Mirzaraimov, Bakıt. Baptizm ve Kırgızistan’da Baptist Faaliyetler, Basılmamış Doktora Tezi, Ankara 2003.

Mirzaraimov, Bakıt. “Prof. Dr. Mustafa Erdem, Kırgız Türkleri Sosyal-Antropolojik Araştırma, (Кыргыз түрктөрү: социалдык-антропологиялык изилдөө) Ankara 2000, XII+291”, Теология факультетинин илимий журналы. 3-4-саны. Ош 2003. 79-б.

Эрдем, Мустафа, Түрк элдеринин байыркы доордогу диний ишенимдери жана Ислам. Ош 21-кылымдын босогосунда: Өтмүштөн келечекке. Эл аралык илимий практикалык конференция. 9-11-октябрь. Ош 1997.

 

 

 



Тектеш кабарлар