Буларды билесиздерби?

Түрк  -  АНЗАК достугу

1979387
Буларды билесиздерби?

Дүйнө тарыхынын эң кандуу согуштарынын биринин чоң достук жараткандыгын билесиздерби ?

Биринчи Дүйнөлүк согушунун негизги фронтторунун бири болгон Чанаккале (Дарданель) согушу тарыхтын эң кандуу  согушу болгон жана метр квадратына 6 миң ок түшкөн, жалпы 500 миң адам каза болгон согуш аянты болгон. Чанаккале жерлеринде бири бирин эч тааныбаган өлкө аскерлери бирге көмүлдү.

Союздаш мамлекеттердин күчтөрүнүн арасында алыс жерлердеги үйлөрүн таштап Британия армиясында  согушуу үчүн келген австралиялык жана жаңы зеландиялык, тактап айтканда АНЗАК аскерлери болгон. АНЗАК жана түрк аскерлери согуш аянтында бири бири менен согушту. Согушуунун тышында бири бирине сый көрсөтүү менен адамдык мамилени жана достуктарды түзүштү. Кир  кийимдерин жууп, илүү үчүн  окоптон  чыккан аскерлер бири бирине ок атууну ойлогон жок. Окоптордон бири бирине тамеки, шокалад, мейиз, кургатылган анжир жана белектик буюмдарды жиберишти.

Согуш аяктаганда АНЗАК армиясынын командири, генерал Годли Осмон мамлекетинин күчтөрүнөн АНЗАК көрүстөндөрүнө сый көрсөтүүнү каалаган билдирүү калтырган. Негизинен мындай билдирүү калтыруусуна керек жок эле. Анткени түрктөр согушта каза болгон бардык аскерлерге өз балдары сыяктуу ээ чыкты. АНЗАК  аскерлери кургактыкка чыккан булуңга каза болгон аскерлердин урматына  «АНЗАК булуңу» деген ат берилди жана 1915 -  жылы Гелиболуда кургактыкка чыгуу болгон  25 -  апрель «АНЗАК күнү» деп кабыл алынды.

«Өлкөдө тынчтык, дүйнөдө тынчтык»,-  деген Мустафа Кемал Ататүрктүн 1934 -  жылы АНЗАК эскерүү аземдери үчүн жарыялаган билдирүүсү абдан маанилүү эле.

«Бул мамлекеттин жерлеринде канын төккөн  баатырлар! Бул жерде дос мамлекеттин жериндесиңер. Тынчтык ичинде жаткыла. Силер Мехметчиктер менен бирге жатасыңар.  Алыскы жерлерден балдарын согушка жиберген энелер!  Көз жашыңарды токтоткула. Балдарыңар биздин  боорубузда, тынчтык ичинде тынч жатышат. Алар бул жерде жан берди, эми биздин балдарыбыз болушту».

Азыркы күндө жыл сайын тарыхтын эң кандуу согуштарынын бирин жашаган Гелиболудагы эскерүү аземдеринде жүздөгөн түрк, австралиялык жана жаңы зеландиялык жолугушуп, бул жерде каза болгондордун элесине  дүйнө тынчтыгы үчүн дуа кылып, жакшы тилек тилешет. Мына ошондуктан Чанаккале чоң бир согуштун болгондой эле чоң бир достук жана адамзаттык бүткүл дүйнөгө көрсөтүлгөн жер катары кабыл алынууда.



Тектеш кабарлар