Түштүк Кавказ мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-28

1957474
Түштүк Кавказ мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү прорграммабызда Түштүк Кавказ мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Өткөн аптада Түштүк Кавказ республикаларында маанилүү саммит жана иш сапарлар болду. Эми аларга ирети менен көз чаптыралы.

Азербайжандын Президенти Илхам Алиев үстүбүздөгү жылдын 27-февраль күнү Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды. Жолугушууда эки тараптуу карым-катнаштарга, аймактык кызматташтыкка жана көйгөйлөргө тиешелүү ар кыл маселелер талкууланды. Сергей Лавров Бакуга жасаган эки күндүк иш сапарынын алкагында азербайжандык кесиптеши Жейхун Байрамов менен кеңири жолугушуу өткөрдү.

Орусия менен Армениянын тышкы иштер министрлери 3-март күнү Индияда жолугушушту. Арарат Мирзоян менен Сергей Лавровдун жолугушуусунда Азербайжан-Армения тынчтык жараяны маселеси талкууланды. Белгилей кетсек, Армения акыркы мезгилде Индия менен тыгыз кызматташып келе жатат.

2-март күнү Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Германияга иш сапары менен барды. Никол Пашинян Берлинде Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолугушту. Премьер-министрлер жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү. Премьер-министр Никол Пашинян 3-март күнү Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушту. Армениянын премьер-министри Германия парламентинде сөз сүйлөдү. Пашинян Германиядагы билдирүүлөрүндө Түркия менен карым-катнашты жакшыртууну каалаганын дагы бир жолу баса белгиледи.

Орус жарандыгынан чыгып, Карабахка келген жергиликтүү өкмөттүн башчысы Рубен Варданян Азербайжандын кайрылуусунан кийин кызматын таштап кетти. Жалпысынан Карабахтагы кырдаал Орусия менен Батыштын ортосунда талаш-тартыштын предмети бойдон калууда. Орусия Евробиримдиктин Карабахка жиберген байкоочуларын жактырбады. Армениянын декабрь айындагы үч тараптуу (Орусия-Азербайжан-Армения) жолугушууну жокко чыгаруусу, премьер-министр Пашиняндын Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун (ЖККУ) саммитинин жыйынтык декларациясына кол койбоосу жана ушул уюм тарабынан 2023-жылы өткөрүлө турган аскердик машыгууларды жокко чыгаруусу сыяктуу окуялар, Орусия менен Армениянын акыркы мезгилдеги мамилеси жакшы эмес экенин далилдейт.

2-март күнү Ковид-19 пандемиясынан кийинки абалды калыбына келтирүүгө арналган Кошулбоо кыймылынын Байланыш тобунун саммити Баку шаарында болуп өттү. Саммитке Босния-Герцеговинанын, Ирактын, Ливиянын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын президенттери, Кубанын Вице-президенти, Габондун, Танзаниянын, Алжирдин жана Кениянын премьер-министрлери, Бириккен Улуттар Уюму, Түрк Мамлекеттер Уюму сыяктуу эл аралык уюмдардын жетекчилери, жалпысынан 70 өлкөнүн өкүлдөрү катышышты. Саммиттин жыйынтыгында Баку декларациясы кабыл алынды. Саммиттин алкагында президент Илхам Алиев лидерлер менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Азербайжан Кошулбоо кыймылынын төрагалыгын эң жакшы аткарды. Ковид-19 мезгилинде Азербайжан 80ден ашуун өлкөгө жардам көрсөттү. Кошулбоо кыймылынын саммити жана уюмдун төрагалыгы Азербайжандын эл аралык аренадагы салмагын арттырды.

Армениянын Азербайжанды башкаларга арызданышы жана Тегеран бийлигинин кээ бир чагымчыл окуялары Азербайжандын өнүгүшүнө тоскоол боло албайт. Орусия менен курулган стратегиялык кызматташтык жана Азербайжандын Чыгыш-Батыш жана Түштүк-Түндүк транспорт коридорлорунун ачкыч өлкөсүнө айланышы мунун ачык далили болуп саналат.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар