Борбор Азия мамлекеттеринин Араб өлкөлөрү менен кызматташтыгы

Евразия күндеми-27

1954300
Борбор Азия мамлекеттеринин Араб өлкөлөрү менен кызматташтыгы

Ардактуу окурмандар! Азыр сиздер «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Борбор Азия мамлекеттеринин Араб өлкөлөрү менен кызматташтыгы тууралуу кеп салабыз.

Акыркы апталарда Борбор Азия мамлекеттеринин араб өлкөлөрү менен алакасын бекемдей турган маанилүү окуялар болду. Эми аларга ирети менен көз чаптыралы.

Түркмөнстандын “Халк маслахатинин” төрагасы Гурбангули Бердымухамедов үстүбүздөгү жылдын 11-12-февраль күндөрүндө Бириккен Араб Эмирликтеринде расмий иш сапары менен болду. Иш сапарынын алкагында Гурбангули Бердымухамедов Бириккен Араб Эмирликтеринин Президенти Мухаммед бин Заид аль-Нахаян жана Вице-премьер-министр Мансур бин Заид аль-Нахаян менен өз-өзүнчө жолугушту. Түркмөнстандын “Халк маслахатинин” төрагасы Абу-Даби өнүктүрүү фондунун, “Masdarдын”, Абу-Даби улуттук мунай компаниясынын (ADNOC), Абу-Даби портунун жетекчилери менен жолугушту. Жолугушууларда Түркмөнстанга жасала турган инвестициялар жана эки тараптуу карым-катнаштарга байланыштуу түрдүү маселелер талкууланды. Бердымухамедовдун иш сапарына байланыштуу биргелешкен билдирүүгө жана өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

19-февраль күнү Бириккен Араб Эмирликтеринин вице-премьер-министри Мансур бин Заид аль-Нахаян Түркмөнстанга иш сапары менен барды. Ашхабадда Бириккен Араб Эмирликтеринин вице-премьер-министри Түркмөнстан Республикасынын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалы талкууланды. Абу-Даби улуттук мунай компаниясы Түркмөнстандын Галкыныш аймагындагы табигый газды өндүрүүгө катышат.

21-февраль күнү Түркмөнстан Республикасынын Президенти Сердар Бердымухамедов Бахрейнге биринчи расмий иш сапарын жасады. Аэропортто президент Бердымухамедовду Бахрейндин премьер-министри Халид бин Абдулла аль-Халифа тосуп алды. 22-февраль күнү Сердар Бердымухамедов Бахрейндин падышасы Хамад бин Иса аль-Халифа менен жолугушту. Жолугушуунун соңунда эки өлкө ортосунда 11 келишимге кол коюлду. Президент Бердымухамедов Бахрейндин эң жогорку сыйлыгы болгон “Иса бин Салман аль-Халифа” медалы менен сыйланды. Президент Бердымухамедов Бахрейндин Экономикалык өнүгүү кеңешинин жетекчилиги менен да жолугушту.

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев 20-21-февраль күндөрүндө расмий иш сапары менен Египет Араб Республикасында болду. Президент Мирзиёевди аэропорттон Египеттин Президенти Абдель Фаттах ас-Сиси өзү тосуп алды. Президент Шавкат Мирзиёев иш сапарынын биринчи күнүндө Каирдеги Ахмет Ферганинин эстелигин зыярат кылды жана Египеттин мамлекеттик цивилизация музейин кыдырды. Өзбекстандын президенти ошол эле күнү Египеттин бизнес коомчулугунун алдыңкы өкүлдөрү менен жолугушту. 21-февраль күнү Президент Шавкат Мирзиёевди расмий тосуп алуу аземи болду. Салтанаттан кийин эки өлкөнүн президенттери жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуунун соңунда айрым келишимдерге кол коюлду. Президенттердин биргелешкен билдирүүсү жарыяланды. Андан соң президенттер маалымат жыйынын өткөрүштү.

21-февраль күнү Тажикстандын Тышкы иштер министринин орун басары Шараф Шерализода Сауд Арабиясынын Тышкы иштер министрлигинин Азия департаментинин башчысы Мухаммед бин Абдулхади аль-Матрафи менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Борбордук Азия республикалары үстүбүздөгү жылдын 13-15-февраль күндөрүндө Дубайда өткөн Бүткүл дүйнөлүк өкмөт форумуна премьер-министр жана министрлик деңгээлинде активдүү катышышты.

Окуялардан көрүнүп тургандай, Борбор Азия өлкөлөрүнүн араб мамлекеттери менен болгон мамилелери өнүгүп жатат. Өз ара жогорку деңгээлдеги иш сапарлар байма-бай жасалууда. Аймактар ​​аралык кызматташтык да бекемделүүдө.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар