Буларды билесиздерби?

Түркия бал өндүрүшүнүн төрттөн бир бөлүгүн Муглада өндүргөндүгүн билесиздерби?

1940335
Буларды билесиздерби?

Бал байыркы доорлордон бери адам баласы үчүн эң маанилүү тамак - аш булактарынын бири болуп келген. Дүйнөнүн жана Түркиянын бал өндүрүшүнүн маанилүү бөлүгү Мугла аймагынан камсыздалат.

Кышы жылуу болгон аймак аары багуучуларга жыл боюнча гүл булагын сунуштайт. Ошол эле учурда цитрус жана бадам түрлөрүнөн турган кенен бакчалары да аймактык аары багуучулук үчүн чоң мааниге ээ. Аймактын башка бир байлыгы сагыз дарагы. Эндемикалык бир дарак түрү болгон жана Мугланын райондорунда Анадолу сагыз дарагынын чаңчасы антисептик өзгөчөлүгү менен абдан баалуу. Бирок чоң карагай токойлорунун айынан Мугланын негизги продукциясы карагай балы.

Мугла аймагында карагай балын өндүрүү шаардын тарыхынчалык эски.

Карагай балы арылардын гүл чаңчасынан эмес, Жер Ортолук деңиз климатына таандык айрым карагай дарагы түрлөрүнүн сөңгөгүндө жашаган курт – кумурскалардын бөлүп чыгаруусунан өндүргөн уникалдуу бал. Карагай балынын өндүрүлүшүнө мүмкүнчүлүк түзгөн жана ата  мекени Түркия болгон курт – кумурска бир гана «Түрк карагайы» деп биилнген кызыл карагай жана Халеп карагайында жашайт.

Түркия экспорттогон балдын дээрлик бардыгы кызыл карагай балы. Карагайдын балы медицинада жана тамак-аш өнөр жайында кеңири колдонулат, анткени ал көпкө чейин кристаллдашбайт жана функционалдуу азык өзгөчөлүгүнө ээ болушу менен  медцина жана азык  - түлүк секторунда кенен колдонуу тармагына ээ. Коюу түстөгү Мугла карагай балынын темир, марганец жана цинк сыяктуу көптөгөн минералды камтуусу аны айырмалаган өзгөчөлүгү. Жүргүзүлгөн изилдөөлөр Муглада өндүрүлгөн  карагай балынын микробго каршы таасири абдан жогору экенин көрсөттү.

 



Тектеш кабарлар