Түрк республикаларында болгон маанилүү окуялар

Евразия күндеми-21

1935818
Түрк республикаларында болгон маанилүү окуялар

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда өткөн аптада Түрк республикаларында болгон маанилүү окуялар тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 12-13-январь күндөрүндө Түрк Мамлекеттер Уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев иш сапары менен Венгрияда болду. Будапештте Өмүралиевди Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан кабыл алды. Башкы катчы Өмүралиев менен Премьер-министр Орбан транспорт, энергетика, айыл чарба жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу деген сыяктуу артыкчылык берилген маселелерде кызматташууну мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алышты. Иш сапарынын алкагында Башкы катчы Өмүралиев Венгриянын тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Сийярто жана уюмдун венгриялык Аксакалы Атилла Тилки менен өз-өзүнчө жолугушту. Кубанычбек Өмүралиев Түрк Мамлекеттер Уюмунун Будапешттеги кеңсесинде да болду.

Түркмөнстанда эки палатадан турган парламентти бириктирүү маселеси күн тартибинде турат. 11-январь күнү Түркмөнстан парламентинин жогорку палатасы “Элдик Маслахат” жана Түркмөнстандын төмөнкү палатасы “Милли Межлистин” депутаттарынын биргелешкен жыйыны болду. Жыйында “Элдик Маслахаттын” Спикери Гурбангулы Бердымухамедов парламентти бириктирүүнү сунуштады. Түркмөнстанда парламенттик жана жергиликтүү бийликке шайлоолор үстүбүздөгү жылдын 26-марть күнү өтөт.

14-январь күнү Казакстан Сенатына шайлоолор болуп өттү. Казакстанда сенаторлорду жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлашат. Казакстан Сенатына шайланган 20 сенатор алты жыл кызмат кылат. Казакстандын саясий системасындагы өзгөрүүлөр жана жаңылануу процесстери уланууда. Казакстанда акыркы бир жылда Назарбаевдердин үй-бүлөсүнүн кол тийбестиги акырындык менен алынып, үй-бүлөнүн таасири минималдуу деңгээлге түшүрүлдү. Кыргызстанда болсо экс президент Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши токтотулду.

Украинада жашаган казак диаспорасы Киев жана Буча шаарларында боз үй тигип, муктаж жарандарга жардам бере баштады. Элдин негизги керектөөлөрү казактар тиккен “Жеңилбестик боз үйүндө” канааттандырылып жатат. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин бул маселе боюнча нааразычылыгына Казакстандын Тышкы иштер министрлиги диаспоранын бул демилгесинен эч кандай көйгөй көрбөгөнүн билдирди.

11-январь күнү Башкортостан Республикасынын туңгуч президенти Муртаза Рахимов каза болду. Башкортостанды 20 жыл башкарган Рахимов 1990-жылдардын башында өлкөсүн эгемен кылуу үчүн аракет кылган. Рахимовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Президент Владимир Путин да катышты.

 9-10-январь күндөрүндө Анталияда Азия Парламенттик Ассамблеясынын 13-жыйыны өттү. «Өзгөрүлүп жаткан эл аралык динамикада көп тараптуулукту илгерилетүү» деген аталышта өткөн жыйынга 27 өлкөдөн эл өкүлдөрү катышты. Жыйынга Евразия аймагынан Азербайжан Милли Межлисинин төрайымы Сахиба Гафарова жана Түркмөнстан Милли Межлисинин төрайымы Гүлшат Мамедова катышты. Башкы ассамблеянын соңунда Анталия декларациясы кабыл алынды. Жыйындын алкагында Түркия, Иран жана Азербайжан парламенттеринин спикерлери үч тараптуу жолугушуу өткөрүштү.

Окуялардан көрүнүп тургандай, Казакстан жана Түркмөнстан республикаларында саясий системанын өзгөрүү процесси уланып жатат. Түрк республикаларында өз ара иш сапарларын жасоо жана кызматташтыкты чыңдоо уланууда.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар