Балыкесир Хөшмерим таттуусу

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-19

1933388
Балыкесир Хөшмерим таттуусу

Балыкесир Хөшмерим таттуусу

Катталган күнү: 21.02.2011

Түркиянын Эгей жана Мармара деңиздерине жээктеш Балыкесир шаары, тарыхы жана географиясынан тышкары Осмон доорунан бүгүнкү күнгө чейинки атактуу тамактары жана таттуулары менен да белгилүү. Алардын эң белгилүүсү болгон «Балыкесир Хөшмерим таттуусу» Балыкесир ашпозчулар жана котлетчилер соода палатасынын кайрылуусу менен 2011-жылы Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнө киргизилген. Балыкесир Хөшмерим таттуусу тузсуз сыр, шекер, ирмик (манная крупа), жумуртканын сарысы жана түс берүүчүлөр менен жасалат. Өнөр жай түрүндөгү өндүрүшүндө алгач 1 килограмм чийки сүт аз өлчөмдөгү сырдын уюткусу менен ачытылат жана сүттүн уюусу үчүн күтүлөт. Сүт уюгандан кийин десерт килкилдеп бүт тарапка жайылышы үчүн миксер менен аралаштырылат. Аралаштырылып жатканда сары суу да ысытыла баштайт жана ага 1 жумуртканын сарысы кошулат. Аралашма 65 градустук жылуулукка жеткенде болжол менен 700 грамм кумшекер, ал эми 85 градуста болсо 150 грамм ирмик (манная крупа) кошулуп, дагы бир жарым саат аралаштырылып бышырылат. Бышыруу процесси аяктагандан кийин 15 мүнөт тыныктырылат. Хөшмерим таттуусу муздагандан кийин берилет.



Тектеш кабарлар