Тобокелдиктер жана мүмкүнчүлүктөр

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу профессор Мурат Йешилташтын баа берүүсү.

1932568
Тобокелдиктер жана мүмкүнчүлүктөр

       Тарыхый бир мезгилдин орчундуу босогосунун биринен өтүп жатабыз. Бир тараптан глобалдык белгисиздик күчөгөн, чоң күчтөр атаандаштыгы глобалдык абалга келген жана  бардык аймактык субсистемаларда сезилген комплекстүү трансформация процесси бар. Бир тараптан да Түркия глобалдык маселелердин чок ортосунда орун алууда. Украина согушу, Кавказдардагы  алсыз тынчтык процесси, Балкандарда жарылууга даяр жергиликтүү кагылышуу динамикалары, Грециянын ревизионисттик дискурсу жана саясаты, Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги энергетикалык атаандаштык жана АКШнын аймакка болгон кызыгуусунун артышы, Түндүк Африка линиясынын эң негизги маселеси Ливиянын ыдырашы, Сирияда уланып жаткан туруксуз чөйрө, Ирактагы саясий алсыздык жана Иранда болуп жаткан митингдерден улам келип чыккан  белгисиздиктер. Ушундайча тизмени улантууга болот. Анткени Украина согушунан келип чыккан энергетика жана азык-түлүк кризиси Түркия үчүн мүмкүнчүлүктөрдү да, жаңы тобокелдиктерди да алып келүүдө.  Бул темаларга климаттык алмашуу сыяктуу  экологиялык маселелерди  жана жакындап келе жаткан – жылдын биринчи жарымында  көрүлүшү ыктымалдуу болгон  глобалдык экономикалык рецессия  да кошулганда, 2023 - жылга кирип жатып  Түркиянын геосаясий чөйрөсүнүн абдан активдүү болоору байкалууда.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу профессор Мурат Йешилташтын бул тууралуу баа берүүсү.

Бул темалардан 2023 - жылы да эң көп сөз боло  турган тема Украинада уланып жаткан согуш болот. Согуштун бүтүшү күмөндүү көрүнүүдө. Согуштун мындан ары да тереңдөө ыктымалы абдан чоң. Зеленскийдин Вашингтонго сапары АКШнын Украинага карата аскердик жардамын көбөйтөрүн жана эң негизгиси анын табиятын өзгөртүп жатканын көрсөтүүдө. Мындай абалда согуштун улантылары тууралуу сценарийге даяр турууда пайда бар. Согуш улантыла турган болсо, эгерде дагы да күч албаса, Түркиянын позициясын дагы да дагы да күчөтүү менен улантуусу мүмкүн. Ал түгүл бул позиция Түркияны дипломатиялык жана геополитикалык жактан дагы да күчтөндүрөт. Энергетика, Европа коопсуздугу жана азык  - түлүк коопсуздугу сыяктуу темаларда Түркия ойногон активдүү ролун дагы да бекемдейт.

Согуш багытын өзгөртүп же тереңдей турган болсо Түркиянын азыркы абалын сактап калуусу кыйын болуп жана Анкара-Брюссель-Вашингтон линиясында чыңалган процесс башталышы мүмкүн. 2023 -  жылы Украина согушу менен бирге сөз боло турган негизги орчундуу тема Кара деңиз. Кара деңиздин согуштан кийин АКШнын аймагына дагы көп киргендиги жана бул жерде Кара деңиз өлкөлөрү менен Россияга каршы жаңы бир процессти курууну каалагандыгы түшүнүктүү. Ушунун негизинде «Өнүктүрүлгөн Кара деңиз долбооруна» көңүл буруу пайдалуу.

2023-жылдын оң күн тартибине келсек, Жакынкы Чыгыштын нормалдашуу процессинин жайлабастан улана турганын алдын ала айта алабыз. Аймак Украинадагы согуштан кийин өлкөлөрүнүн ордун өзгөрткөн процесстен өтүп жатат. Нормалдаштыруу да бул атмосферада ишке ашты. Сауд Арабиясы, БАЭ жана Израил менен нормалдашуу процессинин дагы да бекемделе тургандыгын деп айта алабыз.  Египет менен акырындык менен алдыга жылат бирок  акырында  2022 – жылдан айырмаланган бир  процесстин башталуу ыктымалы күчтүү.

     Сирия досьеси болсо күтүлбөгөн нерселерге ачык. Жылдын акырында Москвада болгон үч тараптуу саммит 11  жылдан кийин ташталган эң чоң кадам болду. Үч тараптуу механизмдин улантууга боло турган бир түзүлүш катары 2023 -  жылы улантылары жана досьелер аркылуу алдыга жылары  байкалууда. Террор, качкындардын кайра кайтышы жана саясий чечүүчү жол тууралуу ылдам өнүгүүнү күтүү туура болбойт. Бирок алдыга жылуунун болору да ачык. Президент Эрдоган менен Асаддын ортосунда жолугушуу болобу билбейм бирок шайлоодон мурда Москва аркылуу  жолугушуу боло турган болсо  эч кимди таң калтырбайт. Ыктымалдуу жыйынтыктар боюнча караганда режим менен Сирия Улутутк Армиясынын ортосундагы аскердик тирешүүнүн басаңдашы, ПККнын активдүү түрдө чектелиши, баш калкалоочулардын акырындык менен кайра кайтышы жана Идлиб тууралуу айрым алдыга жылуулар болушу мүмкүн. Ирандын процесске жолтоо болууга аракет кылышы жана Дамаскты Түркиядан алыстатуу аракетинин айрым жыйынтыктары болушу мүмкүн. Вашингтондун процессти колдошу болсо күмөндүү.

Бул темада оптимист болбосом да бардык нерсе ойдогудай болуп, көйгөйлүү досьелер боюнча жылыш болсо,  жылдын биринчи алты айында бир кыйла комплекстүү картинаны көрө алабыз.

2023 -  жылдын биринчи алты айында кылдаттык менен каралышы керек болгон эң маанилүү темалардын бири да Түркия менен Грециянын ортосундагы чыңалуу. Эки тарапта да шайлоо бар жана Афина учурдагы көкүтүүчү саясатынан баш тарта тургандай көрүнбөйт. Аралдардын куралданоырылышы жана  6 милден  12 милге чыгаруу аракети Түркияны Грецияна каршы кадам таштоого мажбурлап, саясий жана укуктук талаш-тартыштар күтүүсүздөн жол кырсыгы менен аякташы  мүмкүн. Эгер иш ушул чекке чейин барса жана үчүнчү тараптар процессте тынчтандыруучу роль ойной албаса, Анкара-Афина тирешүүсү дагы тереңдеши мүмкүн.

2023 -  жылдын тышкы саяатында орун алган көптөгөн тема бар. Баарына бирден токтолуу мүмкүн эмес. Бирок жаңы жылдын кыймылдуу өтөөрүн болжолдоо кыйын эмес. 2023 -  жылдагы президенттик шайлоо Түркия Республикасынын экинчи кылымына  кадам таштаган мезгилге туш келди. Түркиянын геосаясый жана коопсуздук чөйрөсү атаандашчыл жана чектөөчү болот. Түркиянын экинчи кылымдагы стратегиялык башкаруусу тууралуу бири бири менен жарышкан геосаясий долбоорлору болот. 2023 -  жылы бир гана ички саясат жактан эмес, Түркиянын аймактык жана глобалдык стратегиялык багыты жактан да өлкөнүн экинчи кылымынын башталышы болот. Бул жерде шайлоо Түркиянын геосаясатын калыптандыра турган балким да үстөмдүк кылуучу динамикасы болот.



Тектеш кабарлар