Афьон мрамору

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-18

1930754
Афьон мрамору

Афьон мрамору

Катталган күнү: 31.12.2003

Түркиянын Эгей аймагында жайгашкан Афьонкарахисар шаары дүйнөгө белгилүү мрамор кендеринин мекени. 2003-жылы Афьонкарахисардын Соода палатасынын кайрылуусу менен Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнө кирген «Афьон мрамору» табиятта ар кандай түстүү жана мотивдүү 19 башка түрү менен кездешет. Мрамор, Афьонкарахисар жана райондорунда жайгашкан кендерде алмаз зым кесүү, чынжыр кесүү, тешик бургулоо ыкмалары жана ири курулуш машиналарынын жардамы менен блок, щебен жана клин деп аталган формаларда чийки зат катары чыгарылат. Мрамор блоктору фура жана жүк ташуучу унаалар менен ташылып, мрамор иштетүүчү ишканаларда такта, кафель, мозаика, тепкичтер сыяктуу турак жайларда жана жумуш орундарында колдонула турчу буюмдарга айландырылат. Щебен жана клин түрүндөгү чийки мрамор кесимдери көбүнчө көркөм чыгармаларда жана жасалгалоо буюмдарында колдонулат. Өндүрүш жана бренддик каттоо иштери катуу көзөмөлгө алынган Афьон мрамору Түркиянын маанилүү экспорттук өнүмдөрүнүн бири болуп саналат.



Тектеш кабарлар