2023 – жылга карай глобалдык саясат

Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикирин угуңуздар.

1920212
2023 – жылга карай глобалдык саясат

    2022 - жыл глобалдык саясат жагынан абдан активдүү жыл болду. Жылдын алгачкы айларында Россиянын Украинага кийлигишүүсү бүткүл дүйнөлүк шок жаратты. Согуш Европада орус коркунучунун кайра пайда болушуна себеп болду.

Россиянын экспансионисттик тышкы саясаты Европанын коопсуздук архитектурасынын морт экендигин дагы бир жолу көрсөттү. Бирок, Украина согушу муну менен эле чектелип калган жок. Биринчиден, дүйнөлүк системадагы кризисти тереңдетти. БУУнун Россиянын кол салуусуна бөгөт койо албашы  жана согуштун жүрүшүнө таасир эте турган кадам таштай албашы системанын маселелеринин болжолдолгондон дагы терең экендигин  көрсөттү. Россиянын Украинада каалаганын ала албашы жана Батыштын Украинага курал жардам бериши согуштун созулушуна жана кризистин тереңдешине себеп болду. Россияга каршы салынган экономикалык эмбарголор болсо Батыш менен Россиянын ортосунда жаңы бир суук согушунун чыгышына себеп болот.

Жылдын экинчи жарымында Тайван аркылуу АКШ менен Кытайдын ортосунда чыккан келишпестик да глобалдык системанын жүрүшү жактан  абдан маанилүү эле. Эки чоң держава аскердик жактан бетме  - бет келе ала турган кадамдарды ташташты. Муну менен бирге 2022 -  жылы экономикалык кризис дагы да тереңдеген, энергетика жана азык  - түлүк кризиси чыккан жыл болду. 2022 -  жылы аяктап бара жатса да бул маселелер чечиле элек. Анда эмесе 2023 -  жылда бизди эмнелер күтүп жатат?

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу, профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикирин угуңуздар.

2023 -  жылдын негизги  маанилүү темасы Украинадагы согуш улантылат. Россия 2022 -  жылы бир топ жолу стратегиясын өзгөртүүгө аргасыз болду. Бирок басып алган жерлерин көзөмөлгө ала албастан, Украина армиясын да токтото алган жок. 2023 -  жылы согуш улантыла тургандай көрүнүүдө. Украина айрым фронттордо ийгиликтүү болсо да Россияны толугу менен жеңип жеңишке жетише турган күчү жоктой. АКШнын дагы көп курал жардам бериши Украинаны дагы күчтөндүрүшү мүмкүн бирок азырынча толугу менен Украина жеңишинен сөз кылуу мүмкүн эмес.

Россия үчүн толук жеңишти жарыялоо кыйын болот. Анткени орус куралдуу күчтөрү дагы деле оор жоготууларга учуроодо. Россия аймакты көзөмөлгө алуу үчүн күрөшүп жатат жана Украинага каршы чабуулдарын токтото элек. Мындай абалда тынчтык келишими түзүлө алабы? 2023 -  жылы баары кабыл ала турган тынчтык келишиминин түзүлүшү абдан кыйын. Анткени тараптар учурдагы позицияларын өзгөртө  элек. Украина Россия толугу менен чыкпастан тынчтык келишими үчүн отуруунун мүмкүн эмес экендигин айтууда. Россия болсо аннексиялаган аймактардын таанылуусун каалап,  Украинаны тарапсыздык статусуна мажбурлоодо.  Мындай сүйлөшүүлөрдүн негизинде тынчтык келишимине жетиши күмөндүү.

2023 -  жылдын биринчи чейреги Европа үчүн абдан кыйын өтөт. Анткени энергетика тууралуу Россияга көз каранды болгон Европа алдыдагы кышта кыйынчылыкка туш болот. Өзгөчө да жаратылыш газ менен камсыздоо жана баасы жактан Европанын олуттуу кемчиликтери бар. Альтернативдүү булактарды издегени менен Европанын альтернативдүү булактарга кыска убакытта жетиши мүмкүн эместей көрүнөт.

2023 -  жылы глобалдык күч конкуренциясы жактан да  маанилүү бир жыл болот. Кытай менен АКШнын ортосунда уланып жаткан конкуренция улантылат. Бул атаандаштык согуштук кагылышуу менен аяктаарын эч ким күтпөйт. Бирок экономикалык, технологиялык жана геополитикалык тармактарда кызуу конкуренция болот. Экономикалык жактан алганда дүйнөлүк экономикадагы рецессия эки өлкөнү дагы агрессивдүү саясат жүргүзүүгө мажбурлайт. Технологиялык чөйрөдө катуу атаандаштык бар экени айкын көрүнүүдө.  Геосаясий чөйрөдө кызыктуу окуялар болушу мүмкүн. Кытайдын Жакынкы Чыгышка көбүрөөк кызыгуусу АКШнын аймактык таасирин азайтат. Кытайдын президентинин Сауд Арабияга сапары ачык мисал. Сауд Арабия АКШга караганда Кытай менен көбүрөөк иштешүүгө даярдай. Бул жагдай АКШ менен Кытайдын ортосундагы атаандаштыкты региондук аймактарда тереңдетет.

Албетте, 2023 - жыл бул эки окуядан эле турбайт. Экономикалык жактан алганда, пандемиянын кесепеттери дагы деле уланууда. Алдыбыздагы жылы да улантылат. Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу окуялар эң көп көңүл бурулушу керек болгон  жайгдайлар. Ушул себептен  эл аралык коомчулук климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө активдүү иштеши керек.

2023 -  жылга карай бара жатып кыйын бир жылдын бизди күтүп жаткандыгын айта алабыз.



Тектеш кабарлар