Түркиянын терроризмге каршы күрөшү

Бул тема боюнча SETAнын / Тышкы саясат изилдөөчүсү Жан Ажундун баа берүүсүн сунуштайбыз...

1917051
Түркиянын терроризмге каршы күрөшү

Түркиянын терроризмге каршы күрөшү

Сирияга жаңы кургактык операциясы тууралуу сөз болуп жаткан учурда Түркиянын террорго каршы күрөшү өлкө ичинде жана өлкө тышында да толук ылдамдыкта уланууда. Бир тараптан ФЕТӨ элементтерине каршы күрөш жүрүп жатат, экинчи тараптан куралдуу террор уюму ПКК жана анын туундулары менен чоң күрөш жүрүп жатат. Өзгөчө Ирак жана Сирияда Түрк армиясы менен Улуттук чалгындоо уюму ПККга катуу кысым көрсөтүүдө. Бирок, Жакынкы Чыгыш теңдемесинде кээ бир аймактык жана глобалдык күчтөр дагы эле террордук уюмдарды прокси катары колдонуу үчүн аларды коргоо аракетин көрүүдө.

 Бул тема боюнча SETAнын / Тышкы саясат изилдөөчүсү Жан Ажундун баа берүүсүн сунуштайбыз...

Түркия татаал аймакта жайгашкандыктан ырааттуулугун айланасындагы каргашалуу окуялардан сактап улуу мамлекет болуу үчүн күрөшүп жатканда, акыркы жылдарда таштаган кадамдары менен глобалдык держава болуу жолунда кадам сайын илгерилеп баратат. Айрыкча АК партиянын өкмөтү учурунда Түркия тышкы саясатта толук көз карандысыздыкка артыкчылык берген саясатты карманып, ошол эле учурда өзүн глобалдуу күчтөр арасында тең салмактуулук фактору катары көрсөтүүдө. Айрыкча, Украинадагы согуш жараткан геосаясий таасир бул абалды ого бетер күчөттү. Бирок Түркия да бул процессте чоң кыйынчылыктарга туш болууда. 11-сентябрдагы кол салуулар, АКШнын Ооганстан менен Иракты басып алуусу, ДЕАШ сыяктуу террордук уюмдардын аймактык башаламандыктан пайдаланып жатышы жана албетте ПКК, ФЕТӨ сыяктуу террордук уюмдарды Түркияга каршы колдонуу аракети аныктоочу факторлор катары биздин алдыбызда турат. Өзгөчө Жакынкы Чыгышта жана Түркиянын жээк аймагы болгон жакынкы географияда чоң күчтөр күрөшүнүн алкагында Түркияны теңдемеден сүрүп чыгарууну каалаган күчтөр ПКК жана ФЕТӨ террордук уюмдарына колдоо көрсөтүп, аларды курал-жарак катары, прокси элементтер катары колдонушту. Бул алкакта ФЕТӨ тарабынан ишке ашырылууга аракет кылынган 15-июлдагы төңкөрүш аракетинин негизги максаты; Түркиянын карама-каршы көрүнгөн жана ымалага келүү мүмкүн болбогон жаңы тышкы саясатынын артка кайтарылышы жана Сирияда жоктон пайда болушу кааланган террор мамлекетине кийлигишүүсүнүн алдын алуу экени ачык чындык.

Төңкөрүш аракетинен мурда ПКК тарабынан окоп казуу аракети жасалган жана бул террордук окуяларда жүздөгөн адам каза болгон. Ушул эле процессте ДЕАШ жана ПКК террордук уюмдары бир убакта террордук кол салууларды жасай баштап, төңкөрүш үчүн платформа даярдоого аракет кылышты. Түркиянын көптөгөн чоң шаарларында жарандар бутага алынып, этникалык жана секталык топторду козгоо үчүн стратегия ишке ашырылды. Бирок төңкөрүш аракетинен кийин коопсуздук бюрократиясынын ФЕТӨдөн тазаланышы жана таасирдүү чаралар менен террордук уюмдардын кыймыл-аракеттери чоң өлчөмдө жок кылынды.

Түркиянын 15-июлдан кийин жаңы коопсуздук парадигмасын куруу менен Сирияда ири чек ара аскерий операциясын баштоосу жогоруда айтылган аракеттерге жооп болуп саналат. Бул контекстте 15-июль биздин алдыбызда чоң окуя катары турат. ФЕТӨнүн өзгөчө коопсуздук бюрократиясына кирип алган стратегиялык мекемелеринен тазаланышы да, ПКК/ЙПГ террордук уюмдарына каршы активдүү күрөш да жаңы кылымда терроризмге каршы күрөштүн алкагында Түркияны глобалдык күчкө айландыра турган саясаттын чечүүчү парадигмасы катары алдыбызда турат.

 Президент Эрдогандын күчтүү саясий жетекчилиги астында күн өткөн сайын профессионалдуу түзүлүшкө айланган Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК), адам ресурстары жана техникасы жагынан күчтөнгөн Ички иштер министрлиги (ИИМ) жана Улуттук чалгындоо уюму (MIT) терроризмге каршы күрөшүүнү өлкөнүн деңгээлинде да, чек арадан тышкары аймактарда да ийгиликтүү жүргүзүүдө. Ар тараптан өнүгүп жаткан түрк коргонуу өнөр жайы өзүн толуктоочу элемент катары көрсөтүүдө.

 «Евфрат калканы» операциясы менен башталып, «Зайтун бутагы» жана «Тынчтык булагы» операциялары менен уланган Сирия операцияларында эми жаңы кадамдын алдында турабыз. Түркия Сириядан келип чыккан жана улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган ПКК/ЙПГга каршы кеңири кургактыктан операцияга даярданууда. ПКК/ЙПГны жерде коргогон орус жана америкалык кесиптештери менен сүйлөшүүлөр уланып жатканы менен Түркия ПКК/ЙПГны аймактан тазалоодо чечкиндүү. Айрыкча Тел Рыфат, Манбиж жана Айн ал-Араб алдыңкы планда турган аймактар ​​катары көрүлүүдө. Андан соң Евфраттын чыгышындагы Хасеки сыяктуу аймактар ​​бутага алынат. Түркия Сириянын 900 чакырымдык чек ара сызыгында коопсуз буфердик аймак курууга чечкиндүү...         

 

 

 



Тектеш кабарлар